Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Нускайым Манкушева /Nuskayim Mankusheva

КОШ КАРЕК

Email :4

КОШ КАРЕК


Күчтүүнүн көлөкөсү түшөр замат,
Тубаса азиз өңдүү колдо таяк.
Жылтылдап эки көзүм жайнап турса,
Көрсөм да, үндөбөсөм эмне пайда?
Кол сунуп, жетелөөгө муктаж болсом,
Ачылган көздөрүмдөн эмне пайда?

Кош карек бүт ааламды талдап турат,
Көөдөндү жашыра албай чагылдырат.
Дүйнөнү чанагына батырса да,
Кош карек көр дүйнөгө толбой турат.
Ооп тарткан ажыдаардай сугунса да,
Жуп көздөр жутунушуп тойбой турат.



Нускат Манкушева.
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts