Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Totu Arzikulova

ЭРМЕГИҢИЗ БОЛУП АЛАЙЫН

Email :4

ЭРМЕГИҢИЗ БОЛУП АЛАЙЫН



Ак жылдыздай көктө жанайын,

Ардагыңыз болуп алайын.

Ак дилимден тилеп амандык,

Алыңызды сурап турайын.




Ак булуттай көктө сызайын,

Алдыңыздан тосуп чыгайын.

Айдың көлдө сүзгөн аккуудай,

Түгөйүңүз болуп алайын.




Күн нурундай жарык жанайын,

Күлкүңүздү күндө угайын.

Кыйнабаңыз анча көп эле,

Курдашыңыз болуп алайын.




Сызып күндө обон салайын,

Сырдашыңыз болуп калайын.

Эркелетип чачым сылаган,

Эрмегиңиз болуп алайын.




04.09.2021. А. Тоту.

www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts