
Жалал-Абад
Баш жууган кыздай сулуу, сергийт көңүл,
Бул шаардын сырдуулугу тартып мени.
Көңүлдөгү жараатымды айыктырган,
Эмчи-домчу шыпаакерби, күчтүү деми.
Жаштыктын касиетин сактап калган,
Сыйкырдуу шаар экен Жалал-Абад.
Селки бозой ээрчишкен, бак дарактуу,
Сезимдерди серпилткен атаганат.
Миң бир жарык жылтырайт көзүн ымдап,
Ыйлап болуп, жылмайган кечиримдүү.
Маанай ичтен шаңданат ырын ырдап,
Унутпаймын ушул кеч эч кимиңди.
Ашира
www.kafiye.net




