Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Кулишева Ашира Кучашевна/Kulisheva Ashira Kuchashevna

Сезим сыры

Email :4

Казакстан

Эркин Оролбай уулу


Сезим сыры



Кирпик илбей, түнү менен сени издесем,

Жүрөгүмдүн чын сүйүп калганыбы?

Өзүңдү ойлоп, кыр ашып, деңиз кечем,

Жете алардай бир күнү арманыма.




Сезим сыры туңгуюк деңиз десем,

Чыдап сүзүп, түбүнө жете аламбы?

Кош калагын өмүрдүн эгиз түртсөм,

Сокмогунан сүрүлбөй өтө аламбы?




Көөдөндөгү эт жүрөк туйлап жатса,

Сабыр кылуу адамга бекер экен.

Сагынычтан ар таңым ыйлап жатса,

Туруктуулук мендеги жетер бекен?




Калың муңга батырган түндөр узап,

Алыстагы ойлоймун мен унктканды.

Сүйгөнумө курат деп кимдер тузак,

Көңүлүмдө күдүк ой турак алды.




Арта түшөт ээрчиген сагынычым,

Турсам дагы абалыңды күндө сурап,

Жүрөгүмдүн уялашы бакыт кушум,

Болсун мейли, арабыз мүлдө узак.




Соңку кезде мазасыз күйүт ошол,

Жолуккандай үр кызына жомоктогу,

Сезимиме муң – кайгы сыйын кошуп,

Келгендей го, кезектеги сыноо дагы?



Эркин Оралбайұлы

Кыргызчалаган жазуучулардын жана ишмерлердин эл аралык бирлигинин мүчөсү АШИРА Кулишева


www.kafiye.net


Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts