Şair ve Yazarların Buluşma Sayfası

Totu Arzikulova

ЧЕК АРАНЫ БЕКЕМДЕ

Email :4

ЧЕК АРАНЫ БЕКЕМДЕ



Чек араны бекемде,

Чычкан кирип чыкпасын.

Жакын жерде жашаган,

Жарандарды кыспасын.


Жумурай журт, билгиле,

Бейпилдикте уктасын.

Отуз жылда чечилбей,

Баткен эли кыйналды.


Кайра-кайра кол салып,

Кас душмандар жыйналды.

Курсагы ач, үйү жок,

Элимди басты муң-кайгы.


Чектеш жерде жашаган,

Кыргыз эли чайналып.

Туулган жерден далайлар,

Кубаланып айдалып.


Бейпил жашоо орнобой,

Арман, ыза айланып.

Ээ, төбөлдөр ойлонуп,

Көзүңөрдү ачкыла.


Кыйнап, сүйрөп отурбай,

Чек араны жапкыла!

Жылда шылтоо издебей,

Зымын бийик тарткыла.



05.05. 2021.Бишкек. А. Тоту.
www.kafiye.net

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Related Posts