Lira

Lira: *ЭЛЕЧЕК*



Чүмбөттөлгөн паранжасы жок эле,
Жүзү жарык башта бийик элечек,
Кыргыз эне кийип келген жүдөбөй,
Кылымдарга жолду салып келечек.


Каада,салты нукка түшкөн эзелтен,
Кадыры бийик башка оронгон элечек.
Калың журтка сыймык кылып энелер,
Ак матадан оронушкан аздекдеп.


Көчмөн кезде керегине жараган,
Торосо ажал кепин болуп жасалган.
Улуу жолдо толготушуп апалар,
Баласына оро кылып чулгаган.


Аппак таза баштан түшпөй элечек,
Кийинкиге таасир берген миң эсеп.
Апаларга таазим кылам баш ийип,
Убагында менда кийип элечек.



*СООДАНБЕКОВНА ЛИРА*

2/03/2024
www.kafiye.net