САГЫНЫП БАРА ЖАТАМ

Автобус бир калыпта түн жаңыртып,

Уңулдап бара жатат жол карытып.

Сапарда түнкү каттам Бишкек-Каракол,

Бир жарык эртеңкиге үмүт артып.

Асфальтты дөңгөлөктөр жарып барат,

Бир сезим көкүрөктөн толуп ашат.

Закымдап муздак желге сапырылып,

Ой толгоо мунарыктап сүңгүп барат.

Айылы, талаасы да мага тааныш,

Ал тургай соккон жели, жыты тааныш.

Сагынып бара жатам мен өзүңө,

Көл өрөөн, кичи мекен, ата-конуш.

Нускат Манкушева.
www.kafiye.net