АДАМЗАТ

Бул дүйнөдө адамзат,

Максатына жеттиби?

Көңүлү ток өмүрдө,

Арман билбей өттүбү?

Бул жалгандын адамзат,

Ырахатын таттыбы?

“Көр оокат” деп, тытынып,

Колу тийбей кеттиби?

Азгырылып ар ишке,

Оттой күйүп кеттиби?

Түз жолунан байкабай,

Мүдүрүлүп кеттиби?

О, ал пенде адамзат,

Конок экенин билдиби?

Жыйып терген байлыгы,

Акыретте сооп ишке,

Жарабасын билдиби?

О, ал пенде адамзат,

Шүгүр кылып ар убак.

Адал ишке тер төксө,

Колу ачык, март болсо.

Акыр келер суракка,

Жооп болорун билдиби?

О, ал пенде адамзат,

Бул жалганда эң назик.

Көңүл гүл экенин билдиби?

Ден-соолукту байлык деп,

Каниет кылар болдубу?

О, ал пенде адамзат,

Жутунса дагы байлыкка.

Көөдөндөгү боштугу,

Толбостугун билдиби?

Эх, адамзат адамзат,

Өз тагдыры колунда.

Тургандыгын билдиби?

Тандоосуна жараша,

Бешенеге буйруктун,

Жазыларын билдиби…

Нускат Манкушева.Нускайым Манкушева
www.kfiye.net