Жаралып пенде болуп бир келгени,




Жаралып пенде болуп бир келгени,

Бакыттын арбын болсун ирмемдери.

Беш колуң бир-бирине тең келбеген,

Пенденин ушул тура бир кем жери.




Тир
үүңдө жүрөгүңдүн кагышы анык.

Күнүмдүк түйшүк менен алышабыз.

Толтурам деген менен бир бөксөңдү,

Тузу да,кемиген дейт падышанын.




Ак-кара,
өйдөөмөн аралашкан,

Өмүрдүн кемесинде бара жатсаң,

Ичи тар ичке сууга чөктүүрөрдө,

Кең -пейил чыгат тура каралашкан.




Бир к
үнүм кылымдарга тете келип.

Гүлүндөй гүлкайырдын -бетегенин,.

Ачтым да , он гүлүмдүн бир канчасын,

Жашадым кыялыма жетеленип.



Жаралып ак -жарыкка бир келгени,

Бакыттын арбын болсун ирмемдери.



14.08.2021ж.

Maksatgul Mederbekovna Januzakova
www.kafiye.ne