Сугум артат дүйнөнү карап алып,





Сугум артат д
үйнөнү карап алып,

Суктандырган ааламга барабарым.

Келгиндердин кайтарга кези келип,

Сыйрып турат көктөмдүн жараларын.




Жан курбумдай,булуттар улам ыктап,

Карегимдин курчу өчөт мунарыктап.

Өмүр”-деген турганда чоктой күйүп,

Көңүл кушун учуруп туралык бат.




Ойлоп тапкан жомоктой биз илгери,

Ойго салат келгиндер тизилгени.

Кайран өмүр,каркыра сыяктанып,

Келгенимден,кеткенин изилдедим.




К
өптү эңсеткен узаттым жай аптабын.

Селт эттирди бир сезим аяк жагын.

Сүйүү бар деп, ким бизди ишендирген?

Жомокту айтып ,кап- кайдан каяктагы.




Кайып беле
ң кайдасың оо асыл жан?

Кездештирдим мейкиндик шооласынан.

Бийиктикти билгизип бизге турган,

Бизге чейин ,кийин да тоо башы бар.




14.08.2022ж

Maksatgul Mederbekovna Januzakova
www.kafiye.net