şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
Урматтуу
окурмандарым, бул ырда мен кимге кайрылып жатам? Кимде кандай ой бар? Ар ким –
ар башкача тушунөт экен…
Кечир мени.
Кул бол дедиң –
Мен күл
болдум төгүлүп.
Бүтүн боюм –
Миӊ
бөлүккө сөгүлүп.
Ой жибердиӊ,
Четке кактым ал ойду.
Мен тойбодум,
Мээге кирип – “ал” тойду.
Күлчү! – дедиӊ,
Болдум окшойт азапчыл.
Сүйчү! – дедиӊ,
Мен – мыкаачы–касапчыл.
Аяк басты,
Канат жайчуу өмүрдө.
Ак канатым
Кирдеп жатат – көмүрдө!
Сен чындыксыӊ,
Калпты эрчип жөнөдүм.
Сен буйруксуӊ,
Азезилге …төлөдүм.
Чачырадым,
Чачтым, күндү сен берген.
Акыл айттыӊ,
Акыр-чикир тердим мен.
Тизеледим,
Түзөлүүчү жагдайда.
Безелендим,
Сен турсаӊда – маӊдайда.
Ишен – дедиӊ,
Күтүп турчу, – дедим мен.
Майдалады
Мени жашоо-тегирмен.
Өчүрбөдүӊ,
Отун калап жүрөктүн.
Суу ичирдиӊ,
Буруп мага мүрөктү.
Күйүт болду –
Мени сага жеткизген.
Сүйүү болот
Сенде кана – чексизден.
Чөгөлөдүм,
Сага далай жалындым.
Анан кайра,
Күнөөлөргө малындым…
Гульнар Эмиль.
1.06. 2021.
Yorum Yapın