ЖОМОГУМСУҢ




Башкара албай ээ бербес ойлорумду,

Билип алып барсамбы болжодуңду.

Күмүш чачып күн сымал ааламыңа,

А түнкүсүн ай болуп чыгайынбы.




Өргө тартса өмүрүм, өчөрү чын,

Өздүк болбой оо дүйнө кетерим чын.

Кезикпесек бул жалган супсак болмок,

Көкүрөктө жазылган жомогумсуң.




Жылдыздардай к
өктөгү чачылайын,

Жоогазындай түркүн түс ачылайын.

Ардагым күтүп жүрөт алыста деп,

Ак маржан, шуру-мончок ала келгин.




08.08 2022

А. Тоту.

www.kafiye.net