Мугалим



Мугалим, сага зээним кейип турат,

Ачууланба эч- дегим келип турат.

Коомдогу жат көрүнүш мугалимге –

Таяк сымал, муну бары сезип туят.




Эх мугалим, окуучуга к
үзгү болгун,

Башатына багыт бер изги жолдун.

Окуучу эмес, опол тоодой орду кенен

Жүгү бизде тарбиясыз ушул коомдун.




Окуучуну душманы
ңдай карабагын,

Талимсиз, бейбаш – деп санабагын.

Биздин колдо – адеби, ыйманы да,

Керек болсо өнүгүүсү замананын.




Билем, азыр с
өз укпай тайсалдаган,

Окуучунун кыялы – кайсарланган.

Бизден алган билими-тарбиясы,

Тайкы болсо, калабы кайсы аргаң..?




Ашира

www.kafiye.net