Жайлоодо




Кызыл аска, орчук таш, даркан талаа,

Биз ээрчишип ойногон бала чакта.

Канылжарды өрдөгөн кийик чөптү,

Желбиреткен чачымды шамал кайда?




Та
ң каракчы маалында жашынганын,

Ай чолпонду табышмак айтып сага…

Үнсүз эле кеп салдың көп нерсени,

Жан дүйнөңөн тигилип калып мага.




Арчалардын жаракасы шамал менен,

Добуш салып ырдашкан өз тилинде.

Эң алгачкы аруулук байламтасы,

Чыңалганбы ошондо эч билинбей.




Булуттарга минип алып алыстарга,

Кыялданып бара жаттык көктү тиктеп.

Жоолук болсо ошол күндөр аппак түстүү,

Жоготпоого бекитмекмин аяр бүктөп.




Жетим улак багып алды
ң сылап-сыйпап,

Гүл жибектен чач түйүп илип бергем.

Назик өскөн коңгуроолуу көк гүлдөрдөн,

Көкүлүмө сен тагып берген элең.




Саамай чачым
үлбүрөп, тамылжып көз

Саамга тиктеп айталбай бир дагы сөз.

Сайрап жаткан куштардын үнү укмуш,

Садага чаап өзүн бизге андагы кез.




Ашира

www.kafiye.net