Оттуу көйнөк




Буйдалбаган, бурулбаган т
үптүз жол,

Ушул дүйнө кынтыгы жок тептегиз-

мага бир топ жылдан элес мурунку,

Жүргөн үчүн сүйүүсү жок, керексиз.




Чыланбаган с
үйүүгө да күйүүгө,

Жолдон издеп жашыл тулаң гүлдөрдү.

Кайдан мага качан келди, кандайча,

Өчүңдү алдың сен үйрөтүп сүйгөндү.




Кармабайт да каршы чыкпайт жолумдан,

Кызгалдактар өңү өңсүз, куудай чөп.

Көөдөн өрдөйт бир боштуктун шамалы,

Түптүз кетем, буйдалбаймын эми көп.




Жалындуу ыр далай ирет жазылды,

Жаштык ороп, жалын ороп бүт денем.

Мен көйнөктү оттон алып кийипмин,

Калды ысыгы жүрөгүмдө кебелбей.




Ашира

www.kafiye.net