Ырлар калат



Жазууга жакшы ырды ашыгамын,

Удургуйт ой учугум кайда шашып?

Колумда дептер менен калем сабым,

Калдастайм эргүүлөрүм кетпе качып.




О
ң көзүм чыңалса да талыгандан,

Жазамын жан сырымды таң атырып.

Эң аялуу жүрөктөгү сезимдерди,

Ак барагым алчы өзүңө батырып.




Сол к
өзүм жумулса да ирмейм кайра,

Шурудай тизе берем сөздүн сабын.

Көңүлдө өйүп жүргөн санааларды,

Жаза бер тартынбастан калем сабым.




Эки к
өз талыганда ымдайм улам,

Сыйкыр күч алып учат күйүп-жанып.

Кайыкпа үлбүрөгөн эргүүлөрүм,

Жыгылып калсам дагы эстен танып.




Калем сап тайып т
үштү, колдор талды,

Чаалыккан каректер да тыным алды.

Кирпиктер ирмелишпей каткан маалда,

Сакталып ак баракта ырлар калды.




Айнура Бекболотова

12.02.2022-ж.

Кызыл-Суу.

www.kafiye.net