*ЭЛМИРБЕК*

(Элмирбектин жаркын элесине)




Тумандап к
үн алай,дүлөй чапкын уруп,

Түтүнү канырыктын көөдөн өйүйт,

Чындыктын чыркыраган үнү калды,

Чыдагыс жан кейиткен ыйы толуп.




Бетке айта ырга салды
ң кайрыктарын,

Чындыкты тайманбай айтып баарын.

Элиң үчүн күйүп жанган өрт элеңго,

Кылымга атың калсын тарыхтардын.




Унутпай ушул к
үнү элиң эскеришет ,

Уулу деп улуу элдин деп келишет.

Арбагыңа багыштап окушуп Куран,

Залкары эле кыргыздын деп билишет.




Артында опол,тоодой эл турганда,

Атыңы өчүрүшпөйт бул жалганда.

Элесиң күлүмсүрөп кошо жүрөт,

Жашайсың Элмирбек эл жүрөгүндө.




СООДАНБЕКОВА ЛИРА

www.kafiye.net