Күч күйөө(47).




Б
үбүайша да кыздар менен жакын болуш үчүн оюндагысын жасап, айтканын алып берип жатты. Доктурлар болсо улам бирөөнө жиберип жатып акыры диагноз коюушту. Тайенесин ооруган болушу мүмкүн ошондуктан бул кыздардын апасы соо, үч кыз тең ооруп калган, дарысын убагында ичип, бир жерин уруп, жыгылып калгандан сак болуш керек , – деп түшүндүрдү. Бир гана Алтынайдын жүрөк ооруусу бар экен, ошондуктан жылына эки жолу келип дарыланып туруу керек, же болбосо ооруган балдар үчүн интернат бар, билим алуу үчүн кызыңарды интернатка бергиле , билим да алат, ден соолугун чыңдайт деген сунуш айтты.

Коштошуп жатып сизге чоң ыракмат, биз кеңешип жообун айтабыз, – деп чыгып кетти.

Номерге келип Бурма менен Илимбек болуп, үйгө атасына телефон чалышты, Сабырбек ата ойлонбой туруп эң биринчи Алтынайдын өзүнө да жакшы болот, ден соолугун чыңдайт билим алат, Күмүш биздин үйдүн мүчөсү болгондон кийин каршы болбойт деди.

Бүбүайша эртеси барып профессорго маакул экендигин айтып, интернатка жолдомо алып, Алтынайга түшүндүрүп айтты. Алтынай кыйылып жатып, сени каникулда алып кетип турабыз, бул жерде Бурма менен Илимбек сенден кабар алып турат коркпо, баары сен курактуу балдар, достошуп кетесиң деп түшүндүрдү.

Алтынай менен коштошуу оңойго турган жок, Жаркынай ыйлап эжем эмнеге калат, мен эжемсиз кетпейм деп жер тепкилейт.

Ыйлабачы кызым биз эжеңди жайкы каникулда алып кетип турабыз, үч ай биз менен болуп, сагынычын жазып келет, – деп сооротту Бүбүайша.

Алтынай; – Жаркынайды бекем кучактап менин сиңдим акылдуу, эми сен мен барганча балдардын улуусу болосуң апама, Бүбүайша эжеге жардам бересиң, мен окушум керек, ооруудан сакайып барам, кана ыйлабайм деп мага убада бер, – деди.

Көптө барып соорнгон Жаркынай убада берем ыйлабайм деди.

Эки эжесин карап турган Тогонай кичинкей колдору менен кучактап менин эжелерим деп бетинен өөп жатты.

Силерди вокзалга жеткирип келейин жем Бурма кошо чыкты, поездге отуруп жатып, Бурма сенден суранам Алтынайдан барып кабар алып тур, үйрөнгөнчө барып тур суранам деди, анда Бурма; – ооба эже барып турам, баарын үйрөтөм, камтама болбоңуз, деп- сиз өзүңүздү да ойлоңуз эже акыркы күндөрдө чарчап жүрөсүз, эс алыңыз, – деп кучактады. Купеге жете бергенде эле поезд калчылдап жүрүп четте турган Толгонай жыгылып кетти. Колундагы баштыктарын жерге таштай салып, кызын орундукка отургузду, ушундан коркуп жаткан, кан уюп кала электе укол жасаш керек.

Жаркынай сен чоң эмессиңби сиңдиңди кармап отуруп тур деп чуркаган бойдон проводницага барды, – укол жасап бере аласыңарбы кызым жыгылып калды деп жалдырап жиберди.

– Жок бул уколду мен сая албайм экинчи вагондо врач бар, – чурка деди.

Ээрчитип келип укол сайган улгайып калган ак чачтуу врач көз айнегин чечип, оорукчан кызды эмне ээрчитип жүрөсүң, – деп зекиди. Москвага доктурга көрүнгөнү келгенбиз, – деп ыйлап жиберди Бүбүайша.

– Эми этияттап карап тур, анан келип карап кетем, – деди. Жүрөгү ылдыйлап, ыйлаганы басылып отуруп калды.

Бир убакта Толгонай тамак жейм апа, ачка болдум дегенде эсине келди Бүбүайша.

Жаркынай, сен жыгылып эсибизди оодарылып жатып тамакты да унуттук ээ эже деп күлдү.

Кыздарым азыр деп, Бурма жолго деп берген баштыкты ачып, жая койду да, колдорун жууп, отургула деп тамактана баштады.

Эми эс алып уктагыла, чарчадыңар деп, кыздарды жаткызып, Толгонайдын колун караса шишиги жанып, көгөргөн жери тарап бараткандай, оо кудайга шүгүр, – деп өзүнүн да көзү илинип уктап кетти.

Поездин термегени кудум эле атасы жасап берген салкын бешикке окшоп терметип жаткандай туюулду да, апасынын үнү алыстан кызым жакын эле келип бизге келбей кеттиң, биз баарыбыз сени күттүк эле, сени күттүк эле… дегенде чоочуп ойгонгонуп кетти Бүбүайша.

Чын эле ата – энем, бир туугандарым, коюлган жер Москвага жакын эле да, эмнеге барып куран окуган жокмун, эмнеге унутуп калдым, атам, апам, бир туугандарым мени күтүп жаткан тура деп ыйлап жатты…

Терезени караса караңгы түн, жүрөгү кысылган Бүбүайша өзү жалгыз кыздар уктап жатты…

Эми жарык кирген кезде врач келип Толгонайдын колун көрүп, жакшы дагы бир укол сайып коёюн үйгө жеткенче жакшы болуп калат деди.

Азыр кайсы жерге келдик деп сурады Бүбүайша, бир сааттан кийин Саратов шаарында болуп калабыз, – деди врач.

Бүбүайша кыздарды тургузуп, кийинтип кийинки станциядан түшөм да Москвага кайра барам деп чечти.

Перонго жакындап токтогон поезден түшүп түз эле кассага барып билет алып, Москвага карай жөнөп калды, кыздар менен өз орундарын таап отуруп, жалпы вагон болгондуктан, көңүлдүү экен деп ойлоп койду.

Москвага жетип эле, таксиге отуруп, эшикти ачып кирип барганда коркуп кеткен Бурма эмне тынч элеби, эмнеге кайра Москвага келдиңер эмне болду, – деп сурап жатты.

Бүбүайша ыйлап жиберип көргөн түшүн айтып берди, анда мен Илимбекке айтайын, эртең чогу барып келели деди. Бүгүн эс алыңыз эже мен кыздар менен сыртта ойноп келем, – деди Бурма.

Жолдон чарчаган Бүбүайша каттуу уйкуга кетти…

Автор Тоту Арзыкулова.


Уландысы бар.


ww.kafiye.net