Күч күйөө(46).


Алтынай өтө сезимтал кыз экен, – Бүбайша эже сиздер менен жашап жакшы болбодубу, апам эки жерде пол жууп кыйналчуу эле. Эми баарыбыз бирге жашап калдык, мектепке да бармай болдук деп сүйүндү.

Врач келип, – анализдерди көрдүм, билбей турам кандай дарылашты… балким, – дегенде…

– Ооба мен баарын билем Москвага жолдомобуз бар,

Алтынайды эле күтүп жатабыз, – деди Бүбүайша.

Түшүндүм анда мен выписка жазайын, Москвага жөнөгүлө, поезд менен, самолётто учкан Алтынай үчүн коркунучтуу, келгенден кийин мага жолугуп кеткиле, – деди врач. – Сөзсүз жолугабыз, ыракмат сизге, – деп жылуу коштошту врач менен.

Бүбүайша үйгө чыгып келип, Кубатты жана кыздарды сагынган экен кучактап өөп жатты, Алымбек оо биздин апабыз келген экен, – деп кубанып турду.

Баары чайга отурганда ата – апа,- врачтар кыздарды Москвага алып баргыла деди. Кандай кылсак мен барсамбы же Күмүш барсынбы, – деп сурады.

Сабырбек ата , – сенин эле барганың туура болот.

Илимбек менен Бурма кете элек, сага жардам берет.

Күмүш болсо биз менен тура турсун, апаңдын оорусу жакшы болгончо, деп баарын чечип койду. Бүбүайша үч кызы менен Фрунзе – Москва поездине отуруп жөнөп кетишти, кол булгалап турган Алымбекке Валя апага салам айтып кой, биз жакында келип калабыз, – деп кол булгалады.

Үйгө келип эле ата – апа мен жумушка барышым керек, Валя апа да жалгыз калды канча күндөн бери кетейин, Кубат менен Чолпонай силер менен тура турсун, – деди Алымбек.

Барып эле Фрунзеге которулуп келгенге аракет кылам, силерге жакын, кыздар да доктурдун көзөмөлүндө болуш керек деп кесе сүйлөдү…

Мейли балам, балдар биз менен калсын Валяга салам айтып кой, которулсаң жалгыз таштабай ала кел балам, карып баратат, кызынан да дайын жок, – деп кейиди Майрамбүбү.

Кыздар менен жайгашып поезд улам катуулап жылып бара жатты, терезеге жармашкан кыздар каткырып күлүп, эже биз качан жетебиз, – деди Жаркынай.

Үч суткада жетебиз, көп бар, азыр чай ичип эс алабыз, кана кийимиңерди которуп кийгиле, – деди Бубүайша.

Сабырбек ата неберелерин ээрчитип бульварда эс алып отурушуп, шактан – шакка секирген тыйын чычканды көрүп балдар чоң ата тыйын чычкан, – деп кыйкырышып кууп жөнөдү.

Сабырбек ата неберелерин карап ушундан өткөн бакыт барбы, – деп кубанып, кармагыла, кармагыла деп кыйкырды…

Майрамбүбү апа күндөн – күнгө жакшы болуп сыртка чыкканга жарап калды, отуруп – туруп Күмүштү алкап жатты, – кагылайын мен болбосоң эмне болмок элем, – деп ыраазы болду.

Күмүш да корунбай, колунан ушул куяңды үзгөн иш келип Майрамбүбү апага жардам бергенине кубанып жүрдү.

Алымбек үйүнө келип болгон иштин баарын Валя апага айтып берди,- мейли Москвада күчтүү врачтар бар, кыздарга сөзсүз жардам берет деди…

Москвага жетип поезден түшө бергенде эле, перондо тосуп турган Илимбекти көрүп сүйүнүп кетти.

Мына бизди байке күтүп турат, кана акырын түшөбүз деп бирден түшүрүп жатты, Бубүайша.

– Жеңе кандай келдиңер, кыздар силерчи жолдон чарчаган жоксуңарбы, жүргүлө таксиге, гостиницага барып эс аласыңар, – деди Илимбек.

Дасторкон жайып күтүп турган Бурма, келгиле, кандайсыңар, колуңарды жууп чайга отургула, – деди.

Жаркынай , – Бурма эже, Москвада бийик – бийик үйлөр, чоң автобустар, ток менен жүргөн автобустар бар экен ээ, – дегенде.

Апам ар кандай суроо бербей тартиптүү кыз бол деген унуттуңузбу, – деп айтты Алтынай.

Мен кызыгып сурап жатам, дагы Москваны көргүм келип жатат, биз канча бийиктебиз – деп терезени карады Жаркынай.

Туура, – Жаркынай биринчи доктурга көрүнөбүз да шаар кыдырабыз, мавзолей, фонтан, музей, театр баарын көрөбүз, сөз берем, – деди Бурма.

Эртеси доктурга барып үчөө тең анализдерин тапшырып доктурдан, доктурга көрүнүп жүрүштү…

Автор Тоту. Арзыкулова.



Уландысы бар.



www.kafiye.net