ЫРЛАРЫМДА КЫЛЫМДАРГА ЖАШАЙЫН


Кыялымда күндө учам күүлөнүп,
Күнбү-түнбү санабаймын барк алып.
Түндө болсо жылдыздарды аралайм,
Күндүз болсо күн нуруна таралам.
Колум созуп ай-асманга жетемин,
Калем менен сыйкыр сызык чийемин.


Ала-Тоом көк тиреген Мекеним,
Жашыл жайлоо, тулаң чөптүн кенени.
Төрт аягы тыбыраган күлүктөй,
Кыялымда канат байлап учамын.
Көгөргөн көк, ачык асман астында,
Ак седептей саптарымды тиземин.

Канаты жок учат кээде ырларым,
Кээде суусап, ташыркайбы туягы.
Ошол кезде мөлтүр булак издеймин,
Кана ичип, кубат алып келемин.
Ырларыма жипсиз калдым байланып,
Саптарында кылымдарга жашайын.




Тоту Арзыкулова.
www.kafiye.net