КЕЛ НООРУЗУМ ЭЛИМЕ


Кел НООРУЗум элиме,

Тынчтыкты бекем кылган,

Ынтымак тилеп турган,

Элиме бакыт ,таалай,

Курчалып тиреп турган.

Кел НООРУЗум элиме,

Биримдик чыңдап турган

Биригип ырдап турган,

Бейкуттук мемиреген,

Бакытты курчап турган.

Кел НООРУЗум элиме,

Аткарып тилектерин,

Карматып билеттерин,

Ырыскы чачып бергин,

Эшигин ашып киргин.

Кел НООРУЗум элиме,

Тынчтыкты бекем орнот,

Кудайым турсун колдоп.

Аластап жамандыктан,

Алгалай иштирди онолт.

Кел НООРУЗум элиме,

Байсалдуу сапар бергин,

Бакытын кошо сепкин,

Балдарга ыйман келсин,,

Тарбия даамын сезсин.

Кел НООРУЗум элиме,

Кут, береке ала кел,

Ак батаны сиңирип,

Эл,жериме берегөр,

Жамандан сактагын,

Жакшылыгын төгөгөр.

Кел НООРУЗУМ ЭЛИМЕ.



СООДАНБЕКОВА ЛИРА
www.kafiye.net