ТЕРМЕ -6


Жаралуу менен өлүү бар,

Кайгыга, муңга чөгүү бар.

Бир күнү жолуң кең болсо,

Кээ бирде болот дүйнөң тар.

Кубанып күлүү, өбүү бар,

Жакынга сырың төгүү бар.

Көңүлүң сүйгөн кишинин,

Көзүнөн арзуу көрүү бар.

Кызгануу бар, уруш бар,

Кылыктуу кызда утуш бар.

Кымбаттын баркын билбеген,

Арзанга башын ийиш бар.

Сагынуу бар, күтүү бар,

Баштаган ишти бүтүү бар.

Тебелеп кетсең бирөөнү,

Сенден да кыйын күчтүү бар.

Көргөзбөй тиккен жыртык бар,

Жарадан калган тыртык бар.

Байкатпай артта аңдыган,

Атаандаш сунган мынтык бар.

Чын дилден коштоор күлкү бар,

Жүрөктө баалуу “мүлкү” бар.

Тайышың күтүп -аңдыган,

Байкалбай кыйтыыр түлкү бар.

Жакшыны жандап жаман бар,

Кубулуп турган заман бар.

Чакчайган күндү баалабас,

Бороондо күнгө болот зар.

Кеп жебес, кежир, долу бар,

Күнөөлүү болгон шордуу бар.

Тийгизбей колун жумушка,

Тарп аңдыган жору бар.

Чындыкты сүйбөс кежир бар,

Ырысын тепкен кесир бар.

Аңдабай жаман – жакшыны,

Сатылып кетчү кечил бар.

Ак менен катар кара бар,

Айыкпай турган жара бар.

Напсисин тыйбас кокуйга,

Айткыла кандай чара бар?

Адашып жүргөн кадам бар,

Актыгы сүттөй адал бар.

Эмгегин элдин сугунган,

Ууруга кандай чара бар?

Докчусу бар, ажаан бар,

Дооматы күчтүү тажаал бар.

Дымагы күчтүү – бет тырмап,

Уяттан кеткен караан бар.




Жакшынын жакшы жагына,

Жакшы айтпаган лөктөр бар.

Сыртынан сулуу көрүнүп,

Ичи көңдөй, пөктөр бар.

Бечаранын ырысын,

Жер жайнатып төккөн бар,

Тирүү өлүк, жүк болуп,

Энесине сөккөн бар.

Чыйт түкүрүп көк карап,

Өпкөсү жок, көпкөн бар.

Уят-сыйыт унутуп,

Өз абийрин төккөн бар.

Эриктирбей эки үйдү,

Чагыштырып жүргөн бар,

Куру мактап душманын,

Көргөзбөй муштум түйгөн бар.

Чагым салып арага,

Чаң тополоң кылган бар.

Жаап жашырып айыбын,

Кандек итче үргөн бар.

Ар адамдын айтаарга,

Асыл баалуу кеби бар.

Акыреттик болууга,

Антташкандын теңи бар.

Сынган колду жашырар,

Чапандын узун жеңи бар.

Көзү күлбөй мустаяр,

Кекенип жүргөн кеги бар.




Кийген чокой тар болсо,

Ааламга батпай тарыйсың.

Караңгы болсо жан дүйнөң,

Кабагың бүркөп карыйсың.

Кийгениң эски болсо да,

Таптаза болсун көңүлүң.

Ачыктыгың, актыгың,

Көзүн ачсын көбүнүн.

Бакыттын баасын билгендер,

Азапка чыдап жүргөндөр.

Тоскоолдук тоодой болсо да,

Чын дилден жүрөк сүйгөндөр.

Сүйүүнүн баасын билгендер,

Жалындап отко күйгөндөр.

Сезимдин багып учкунун,

Чын жүрөктөн сүйгөндөр.

Сүйүүнү жерге тебелеп,

Сүйгөндү уруп жемелеп.

Келгендер али билелек,

Сезимди сезип, чечмелеп.




Жаштыкта шарап ич
үү бар,

Саламдан жазбас кичүү бар.

Алыска кетсе жакының,

Акыйы-ып жолун күтүү бар.

Жакшыны сүйлөөр тилиң бар,

Эки ача чагаар уусу бар.




Жылма
ңдап кирип дүйнөгө,

Жыландай чакчу чуусу бар.

Үч кылды таккан бооруна,

Комуздун чертээр күүсү бар.

Ар кимге кымбат туулган жер,

Кимдигин айтчу туусу бар.

Күн тийген жерде тууру бар,

Көргөзбөй алчу ууру бар.

Көпчүлүктүн ичинде,

Момуну бар, куусу бар.

Кошомат менен жан багып,

Таманын өөп турчу бар.

Намысын такыр унутуп,

Бүгүнкү кийген киймине,

Батпастан көөп турчу бар.

Айыптуу изин жашып,

Кылмыштын нугун бурчу бар.

Ачуу сөздүн мурчу бар,

Желкелеп мууздап момунду

Мокок бычак курчу бар.

Этек-башты жыяр бар,

Ойку-кайкы кыял бар,

Чектен чыгып кеткенге,

Сөөмөй кезеп тыяр бар.

Жаңы көчөт чынар бар,

Жакшы сөздү угар бар,

Сырткы дүйнө жөнөкөй,

Ич дүйнө жарык чырай бар.

Жыл он эки ай коштогон,

Тээтиги көктө Күн, Ай бар.

Ала-Тоону жердеген,

Ак калпак кыргыз элинин

Апакай таза дили бар,

Алмашкыс улук тили бар.

Салты бар, насил-наркы бар,

Кыргыздын канын улаган,

Намыска бек уулу бар.

Агарган булут бетинде,

Асманы бар, жери бар.

Жети ата, түптүү теги бар,

Жети облус элинде,

Намыска жараар беги бар,

Бактылуу кыргыз элинин,

Айткыла кандай кеми бар..?



Кундузбү Маматова

Куку
www.kafiye.net