şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
КЫЯНАТТЫК КЫЛБАЙЛЫЧЫ
Чыкчырылып кыянатты кылбайлычы,
Жан кейиткен ушак, айың курбайлычы,
Бул жалганго, чыныгы тияк суралуучу,
Кунөөбүздүн кечирилишин сурайлычы.
Көргө батып сөөгүң калат
тапталган,
Өлбөс ким бар жер алдына жатпаган,
Кыйынсынбы,байкушсунбу баары бир,
Ажал келсе сууруп кетет капталдан.
Дүйнө дедик жанды курман кылганча,,
Жыйып баарын ден соолукту туйганча.
Соолутабыз аздыр,, көптүр өмүрдү,
Баркын билип адамдыка сыйганча.
Билип, билбей канча күнөөгө батабыз,
Кургур тилдин азабын көп тартабыз.
Аялдан өтүп эркектерда белчеден,
Күнөө кыла ыймандан кетип жатабыз.
СООДАНБЕКОВА ЛИРА
www.kafiye.net
Yorum Yapın