ЖАМГЫР ТӨКТҮ



Жамгыр төктү моюн ылдый коюлуп,

Нөшөрлөдү тып-тып тамып буулугуп.

Асман каптап учуп жүргөн сур булут,

Жылдыз сымал жерге түшөт үзүлүп.




Жамгыр т
өктү добушунан ыр курап,

Тамчысынан ичке каткан сыр кулап.

Кучак жайды бүчүрлөгөн бак-дарак,

Жан дүйнөнү жууп жатты аруулап.




Жамгыр т
өктү жер сагынып калгандай,

Мемиреди сууга канып жайма-жай.

Бүгүнкү жаан эртеңкинин үмүтү,

Баба-дыйкан чын тилегин бергендей.




К
үн нурунан ала булут жарылып,

Жердин бети шүүдүрүмдү тагынып.

Тиги турган бийик тоонун боорунан,

Аса- Муса салам айтат ийилип.




Бишкек.

Тоту Арзыкулова.

www.kafiye.net