Сергей Есенин

Моя жизнь

Будто жизнь на страданья моя обречёна;

Горе вместе с тоской заградили мне путь;

Будто с радостью жизнь навсегда разлучёна,

От тоски и от ран истомилася грудь.

Будто в жизни мне выпал страданья удел;

Незавидная мне в жизни выпала доля.

Уж и так в жизни много всего я терпел,

Изнывает душа от тоски и от горя.

Даль туманная радость и счастье сулит,

А дойду — только слышатся вздохи да слезы.

Вдруг наступит гроза, сильный гром загремит

И разрушит волшебные, сладкие грезы.

Догадался и понял я жизни обман,

Не ропщу на свою незавидную долю.

Не страдает душа от тоски и от ран,

Не поможет никто ни страданьям, ни горю.

——————————

МЕНИН ЖАШООМ

Менин жашоом азап чегип жаткандай,

Кусалыктан, ыза-муңга баткандай.

Кубанычты так унутуп жашоодо,

Көөдөнүмдү кайгы-капа баскандай.

Бул жалганда азап тарттым көп эле,

Мага деген энчи-үлүш аз беле?

Алсырадым, жапа чектим, көп эле,

Кусалыктан, жан айласын таба албай.

Айланамды туман басып тургансыйт,

Жаза бассам үшкүрүк, ый жаңырып,

Ал аңгыча чарк-чурк этти чагылган,

Жарып өттү таттуу түштү капыстан.

Жашоо мени жазалаган өңдөнөт,

Жеңил эмес өз жашоомо байланам.

Жаракаттан, кусалыктан чыга албай,

Чөгүп турам, эч ким жардам бере албай.

Которгон:- Тоту Арзыкулова.

www.kafiye.net