Күч күйөө(44).


Үйгө жеткенде эле машинадан түшүп Бурма Толгонайды көтөрүп ашкананы көздөй жөнөдү,

мен балага тамак берейин, курсагы ачты, – деп тамак жылытып кирди. Бүбүайша келип, – Бурма врач эмне деди, жаңылык барбы деп сурады, – ооба эже чоң жаңылык бар, баланы тойгузуп коёюн, сиз сыртка чыгыңыз, конок келди, – деди Бурма.

Дагы ким келди болду экен деп сыртка чыкканда, – ыйлап турган Күмүштү көрүп таң калды. Күмүш сен кайдан, эмне ыйлап жатасың дегенде, – мен доктурдан жолугуп калып, – деп калчылдап сүйлөй албай калды…

Кир үйгө кирчи кызыңбы, ооруп жатабы деп сурап кызды чечинтип жатып, … өзүнө окшош көз карап турганын көрүп, кыйкырып жиберди Бүбүайша… түшүндүрө албай мен… мен… дей берди Күмүш.

Бай болгур айтчы деги, эмне болду, деп ыйлады Бубүайша.

Баланын жүрөгүн түшүнөсүңөр үйгө киргилечи, Кумүш эже үйгө кириңиз, Чолпонайды мага бериңиз , деп Бурма кызды ашканага алып кетти.

Илимбек Күмүш эже, жеңе конок үйгө кириңиздер, жеңе өзүңүздү кармаңыз, азыр Күмүш эже баарын түшүндүрөт деди.

Мени кечир Бүбүайша, – деп буркурады Күмүш.

Илимбек, – Күмүш менен Бүбүайшаны төркү үйгө киргизип байкем кана, байке келиңиз деп сыртта Мамбет менен сүйлөшүп турган Алымбекти чакырды да, Күмүш эженин силерге айта турган маанилүү сөзү бар, сүйлөңүз Күмүш эже деди. Мен туруп эле айтайын мени кечириңиздер, мен үч жыл мурда ойго келбеген кылмыш иш кылдым.

Биз Бүбүайша экөөбүз төрөт үйүндө бир палатада жатып калдык. Менин ага чейин эки кыз төрөгөм, эки кызым тең, ак кан ооруусу менен ооруйт, үчүнчү жолу да кыз төрөдүм, күйөөм мурда эле үчүнчү жолу кыз төрөсөң ажырашам дечү. Төрөгөндөн кийин такыр келбей койду үйдөгү оорукчан кыздарымды эжем карап калды. Мен коркуп үчүнчү кызым да ак кан ооруусу менен ооруп калса кантем деп ойлонуп, больницадан чыгар күнү кыздардын биркасын алмаштырып койдум…деп буулуп ыйлап жатты Күмүш.

Ээ кагылайын ушу кантип оюңа келди, кантип, – деди Валя апа.

…ошону айтпайсызбы канча жолу өкүндүм, үйгө келип алып эмизип жатып ыйлап жүрдүм, канча түн уктай албай чыктым… алты айдан өткөндө силерди издеп бардым, көчүп кетти дешти, таппай калдым…

Мени кечириңиздер, Бүбүайша, кечир мени, сенден суранам кечир, – деп эчкирип ыйлап жатты Күмүш.

Ашканага барып Чолпонайды көтөрүп келди Алымбек, баары карап туруп таң калышты Бүбүайшанын өзү, кичинекей Бүбүайша.

Ии кагылайын кызым келчи бери, – деп көзүнүн жашын аарчып Майрамбүбү колуна алды да , колунан өөп кичинекей колдоруңданЧолпонайым менин деп кучагына кысты.

Ыйлап жаткан апасын көрүп Чолпонай; – апа ыйлаба, эмне эжем ооруп жатабы, алар кана деди, – коркпо кызым эжелериң жакшы эле, коркпо , – деди Күмүш.

Бүбүайша чыдабай кетти дем жетпей баратты, Алымбек кылчылдап араң турду, атасын карап.

Ээ кызым жаман иш кылыпсың, балдарым Күмүштү кечирели, кечирели, Бүбүайша, Алымбек кечирели Күмүштү айласыздан болгон иш болуптур, мени уксаңар кечиргиле , – деди Сабырбек ата.

Майрамбүбү ;- оо Кудай көктөн издегеним жерден табылды, эгиз кыздуу болдумбу ээ Кудай деп ыйлай берди…

Болду ыйлабагыла жеңе, байке, Бурманын силерге айтчуу сөзү бар деп Бурманы чакырды.

Бурма шыр эле, эже Толгонай да ак кан ооруусу менен ооруйт экен, бирок ыйлабаңыз, башталышы дарыласак болот деди Бурма.

Бүбүайша болсо жалдырап эле отуруп калды сүйлөй албайт, эже өзүңүздү колго алыңыз, жакшы элесизби, же доктур чакырайынбы, – деди Бурма.

Перизат, Бүбүайшадан коркуп турду баягы оорусу кармап дагы жыгылып калбаса экен деп. Жок жакшы элемин кыздарым, кыздарым дегенде, кыздарды алып келип эки тизесине отургузуп беришти, экөөн тең бетинен алмак – салмак өөп жатты Бүбүайша.

Карап турган Алымбек, Күмүш, – Толгонайды да, Чолпонайды да, бербейбиз, кыздарыңызга жардам беребиз ушул шартка маакул болсоңуз кечиребиз деди.

Ойлонуп отуруп калган Күмүш, – мейли мен Толгонайды кучактап алсам болобу, – деп сурады.

– эмнеге болбосун болот, – деди Бүбүайша.

Келгиле эми тамак ичели, – деп Бурма самоорду көтөрүп кирди.

Күмүш сен кыздарыңды алып кел, бул жерде эле тургула, үй чоң батасыңар, ал эми докторду борборго барганда сүйлөшүп айтам, жакшы доктор таап дарылаш керек, – деди Сабырбек ата. Күмүш дагы ыйлап жиберди да ; – ыракмат ата сиздерге өмүр бою карыз болоюн, – деди.

Мамбет менен Кубат келип Чолпонайды карап, мени атым Мамбет,- бул агаңдын аты Кубат, – деди эле, араң турган Момун ой айланайындар десе, чоң кишилердей келип таанышат, – деди.

Ооба биз баарын уктук, кайра жакшы болбодубу чоң үй – бүлө болуп калдык – деди Мамбет.

Ой куда ушул Мамбет чоңойгондо чоң киши болот го, сүйлөгөнү карасаң – деп күлдү.

Мал доктур болом дейт, малга жакын, баарын өңүнөн тааныйт, апасы экөөбүз окутабыз, – деди Момун.

Илимбек, Күмүш менен кыздарды алып келгени кеткенде, ата эмне үчүн кечирдим деп айттыңыз, бул аял өтө чоң күнөө кылган, жазасын алыш керек, кантип жашап жүрдү түшүнбөйм, – кейиди Алымбек.

Балам ансыз да тагдыры тайкы аялды аяп, оорукчан кыздарын аяп кечирдим, силер эми биригип кыздардын ден – соолугун ойлогула, – деп жооп берди Сабырбек ата.

Анда Момун бул Күмүш биздин коңшу айылдын кызы, апасы Күмүштү төрөгөндө каза болгон, жктим калып ар кимдин үйүндө жүруп чоңойду, күйөөсү да кызыл камчы, андан да таяк жеп жакшы күн көргөн жок, балам кечиргениң эле оң деди. Бүбүайша болсо эки кызды кучактаган боюнча отурат, коё берсе бирөө алып кетет деп корккондой болуп.

Эртеси баары үй -үйүнө кеткени камынып калышты, Бүбүайша баарынын белегин берип, ата – апа силерге ыраазыбыз, силер болбогондо Алымбек экөөбүз кандай жашайт элек билбейм, – деп жүгүнүп ыраазычылык билдирди. Силер да алыска кетип жатасыңар жолуңар шыдыр болсун деп, Бурманы бетинен өөп, телефон чалып тур деди.

Бүбүайша эртеси жумушка чыгып ойлонуп, Чолпонайды бакчага орноштурайын, Толгонай менен келип кетип турат дем ойлоду. Үйдө болсо Валя апа менен Күмүш эне – баладай тил табышып кыздарды карап жатышты.

Автор Тоту. Арзыкулова.



Уландысы бар.

Totu Arzikulova
www.kafiye.net