Күч күйөө(43).



Баары дасторкон четинде шатыра шатман көңүлдүү отурду, Сабырбек күү чертип, Валя ” Катюшаны” ырдап. Көптөн бери буулугуп жүргөн Бүбүайша жеңилдеп, жакындарынын башын бириктирип отурганына сүйүндү.

Баарына төшөнчү орун салып бүткөндөн кийин, Перизат, Бурма, Бүбүайша өздөрнчө ал – жай сурашып сүйлөшүп калышты.

Перизат ,- жакшы болбодубу силерди сагынып араң жүргөм деп бетинен алмак – салмак өптү.

Кыздар да Перизатты кучактап;- биз да сагындык, кандайсыздар атам экөөңөр ээн үйдө калбай,

Мамбет эрмек болуп жатабы деп сурады Бурма.

Ооба атаң мектепке киргизип койду, жакшы окуйт, метиркесин Момунов Мамбет де жаздырып алдык. Үйдөгү жумушту бүт жасайт, устаканага барып жардам берет, – деп кубанды Перизат.

Бурма;- эже мен Толгонайды доктурга көрсөтүп келейинби, кантсе да болочок врач эмесминби дегенде, – мейли көрсөтсөң, көрсөтүп кел , – деп маакул болду.

Илимбек эрте менен Кубатты бакчага жеткирип, Бурма менен Толгонайды больницага алып бармай болуп машинаны жүргүзүп жатса, Мамбет келип жезде мен да барып келбейинби деп суранды.

Мейли кел отур деп жөнөп кетишти.

Кубатты бакчага киргизип жиберип Толгонайды доктурга алып барышты.

Врачка кирери менен бул кыздын апасы келген жокпу Сабырбекова Толгонай, акыркы анализдерди аябай начар, телефон чалайын деп жаткам, сиз ким болосуз,- деп сурады доктор. Мен сиңдиси болом, – деди Бурма.

Эмесе сөз мындай, Толгонай (лейкоз) ооруусунун баштапкы стадиясы менен ооруйт деп айта алам, анткени каны аз, алсыз, өспөй жатат, силер гематология бөлүмүнө барып көрүнгүлө, жазып берди.

Бурма шекшип жаткам, деп көзүнөн жаш чууруп Толгонайды бооруна кысты, ай байкуш эжекем ай, кантет эми, деп эжесин аяп кетти.

Толгонайды кийинтип чыгып эле Илимбекке гематологияга бар деп жазып берди, – деп ыйлап жиберди Бурма.

Толгонайды колунан ала коюп, баланы коркутасың, ыйлаба, кой отур машинага доктурга алып баралы, – деди Илимбек.

Гематолог врачка Илимбек кошо кирди, келиңиздер, кызды чечинткиле, – деди доктур.

Сиздер биринчи жолу келип жатасыздар, башкы стадиясы экен, дарылайбыз дегенде Бурма ,- доктор айыккандар барбы, – деп сурады.

Билесиңер да бул оорудан так айыгып кетиш кыйын, бирок бизде ак кан менен ооруган эки кыз бар, учётто турат улуусу алты жашта, кичүүсү төрт жашта, дарылап жатабыз, азыр жакшы, – деп жооп берди доктор.

Эң кызыгы силердин кызыңардын өң – түсү аябай окшош экен, – деп кошумча анализдерди жазып берди.

Чыгып бара жатып ошол кыздардын дарегин бересизби, деп сурады Бурма.

Бул купуя сыр болсо да берейин, дарылоо ыкмасын сурайын деп жатасыңар да, деп жазып берди. Машинага отуруп берсең адрести деп, колуна алып Кайыңды айылы Мергенова дем окуп, бул кайсы жакта экен, – деди Илимбек.

Бул менин айылым Мергеновдорду тааныйм эки кызы оорукчан, – деп сөзгө аралашты Мамбет.

Эми эле кыздарын жетелеп доктурга кирип кетти эле, деди Мамбет.

Бурма;- Илимбек кайра доктурга айда деди.

Бурма эмнени ойлоп, ичиде эмне болуп жатканын аттырбай түшүндү Илимбек. Барып эле кайсы эшикке кирди деди Бурма, бул жакка деп лабаратория жакты көрсөттү Мамбет.

Сен Толгонайды карап тур деп Мамбетке табыштап, Илимбек, Бурманын артынан чуркады.

Узун коридордо отурган үч кызды карап Бурма көргөн көзүнө ишенбей катып калды. Артынан келген Илимбек, Бүбүайшага куюп койгондой окшош кичинекей кыздын колун кармап,- атың ким деп сурады. Чоңураак эжеси аты Чолпонай, – деди.

Аңгыча апасы чыгып кыздар кеттик деп, – кичине кызын жетелеп жөнөдү.

Сыртка чыкканда эже машинага отургула жеткизип коёюн, – деди Илимбек. Мейли балдар менен больницага келип, кетиш да кыйын жакын эле жерде эжем жашайт, азырынча ошол жерде турабыз деп дарегин айтты кыздардын апасы.

Баарын түшүнгөн Бурма сүйлөй албай буулуп отурду. Аңгыча Мамбет Күмүш эже мени тааныган жоксузбу мен Мамбетмин, силердин коңшуңар Жумандын баласы, дегенде, ээ кагылайын сен кайдан бул жерде, балдар үйүндө эмес белең, – деп сурады аял. Ооба, азыр атам – апам менен жашайм, булар эже – жездем, бул кыз жээним Толгонай дегенде, Күмүш кызды көрүп, өңү бузулуп жыгылып баратты , суу бергилечи, – деп жөлөп калды Илимбек.

Айткан дарек боюнча жетип калганда үйгө киргиле, сүйлөшөлү деди аял.

Кирип эле эшик ачкан аялга, булар баягылар, – деп,- балдар силер бул бөлмөгө киргиле, биз сүйлөшүп алалы деди.

Келгиле отургула, бул эжем аты Каныш, биз Бүбүайша экөөбүз төрөгөн больницада иштеген дегенде,- Илимбек эми баары түшүнүктүү, кыздарды сиз алмаштырып койгонсуз, деп кыйкырды.

Жок андай эмес мен түшүндүрүп берейин, менин атым Күмүш, Бүбүайшадан бир күн мурда төрөгөм, мурда төрөгөн эки кызым ак кан ооруусу менен ооруп калды, күйөөм экөөбүз барбаган жерге бардык, дарылаттык, үчүнчү жолу боюмда болгондо дагы кыз төрөсөң ажырашам деген талап койду. Кандай ойдо болдум билбейм чыгар күнү Бүбүайшанын кызынын ороосун ачып биркаларан алмаштырып, ороп койдум.

Аны эч ким билген да жок, бир кана эжем билип урушканына карабай койдум, Бүбүайша кызымдын атын Толгонай койдум дегенин угуп, кызымдын атын Чолпонай койдум, – деп ыйлап жатты Күмүш.

Сүйлөй албай ыйлап жаткан Бурма, эми эмне кылабыз, – деп сурады.

Милицияга арыз жазабыз,- деп кыйкырды Илимбек.

…жок , жок менин кыздарым кантет… алардын күнү кантет… ооруйт да… деп үнү үзүлүп ыйлап жатты Күмүш.

А биз кантебиз атам – апам, байкем, жеңем, биз кантебиз… бизди ойлодуңузбу деп жинденди Бурма.

Аңгыча Толгонай кирип келип эже тамак жейм, курсагым ачты деди, – анда Чолпонайды алыңыз кеттик үйгө, баарын өзүңүз түшүндүрөсүз деди Бурма…

Автор Тоту. Арзыкулова.



Уландысы бар.

Totu Arzikulova
www.kafiye.net