Күч күйөө(42).



Эмнеге окшош эмес деген ой Бурманы бир топ түйшөлтүп уктай албай жатты, эжесине айтайын деп, коркту, канынын көтөрүлбөй, өспөй калганына да таң калып турду, баарына бир жооп, ошол жооптон жүрөгү үшүп турду…

Бүбүайша эрте мененки чайга камынып жатып,тайкем менен жеңемди чакыртып келсек жакшы болмок, чогу кобурашып отурмак ,- деди.

Мейли анда шоопурду чакырып жиберейин түш ооп келип калышат , – деп Алымбек маакул болду.

Илимбек балдар менен ойноп жанынан чыкпайт, Бүбүайша күлүп, – балалуу болсоңор Илимбек өзү эле багып алат деди.

Бурманын оюу башкада, Толгонайды карап, эч кимге окошпойт, канынын группасы да башка, бул кандай деп жооп таба албай турду…

Конок бөлмөдө Сабырбек ата, Майрамбүбү ара, Валя апа өткөн – кеткенди сүйлөшүп кызуу маек үстүндө.

Чай ичилип бүткөндөн кийин ата – апа туруңуздар, Валя апа сиз дагы, – деди Алымбек. Машинага отурушуп жумушун көздөй айдады, ээ балам бизди кайда алып барасың деп сурады Сабырбек ата, – көрөсүз азыр деп койду Алымбек.

Кирип барганда эле каз катар тизилген солдаттар саламдашты, анан ашканага көздөй жөнөштү, солдаттар түшкү тамак жеп жаткан экен, Сабырбек аскер адамдарын теңеген жер, генерал менен жөнөкөй солдат бир столдо отуруп тамак жей алат деп күлдү.

Анан жатакананы көргөндө, уулум ушуну тартип десе болот, баардык жумуш тартиптен, тазалыктан башталат, – деп ыраазы болду атасы. Эми Бүбүайшанын бакчасын көрүп кетели, мүдүрү жокто кандай иштейт экен , – дели Алымбек. Кирип барышканда эле методис Айым эже көрүп, келиңиздер, балдарды алып кеткенге убакыт бар го,- дегенде Алымбек жок эде биз конокко келдик, Бүбүайшанын ата – энеси, Валя апаны тааныйсыңар, деди. Анда кабинетке жүрүңүздөр деди Айым. Бир паста столду жайып компот куюп келгиле деди, компоттон ичиңиздер, терезеден алма бакты көрсөтүп өзүбүздүн алмадан деди Айым эже.

Аа жакшы экен таза, компот да даамдуу экен, – деди Майрамбүбү апа. Балдар түшкү уйкуда, уктоочу бөлмөлөрдү аралап көрүштү, бул жак ашкана, бул жер ойноо бөлмөсү, бул жеоде балдар окушат

, – деп тааныштырды Айым. Андан чыгып тоо тарапка жөнөдү Алымбек, ата мен сизди бизде иштеген киши менен тааныштырам, – деди Алымбек. Ал киши өрүктөн комуз чабат, мен сизге комуз белек кылайын дегем, – деп үйүнө жетип токтоду. Келиңиздер үйгө кириңиздер дегенде, жок комузуңузду көрсөтүңүз, атам өзү тандап алсын деп келдик аксакал деди Алымбек.

Анда бул жакка кириңиздер деп устаканасына ээрчитип жөнөдү, менде баары өрүк комуз, башка дарактан чапппайм, кылы ичегиден, муну чертип көрүңүз, – деп бир комузду карматты.

Атасы отуруп алып “Саадак какты” аттуу күүнү чертип жатты.

Жакты ушул комузду алам, добушу да жакшы чыгат экен шаңкылдап, – дели да, катар илинип турган жыгач ооз комуздарга көзү түштү.

Бирди алып эле оозуна такап ойноп көрүп, тим эле сайрайт го, муну апаңа алалы, – деди атасы. Мейли алыңыздар, азыр эч ким ооз комуз ойбой калды, мен эле арткан жыгач убал болбосун деп эрмектейм, – деди уста.

Жолдо келе жатып азыр куда – кудагый келет, машине жибергем деди Алымбек.

Жакшы экен аларды да көрө кетебиз деп сүйүндү Бүбүайша. Байбиче уулуң сага эч жерде жок белек кылды, үйгө барганда көрөсүң, – деди. Ии балам менин белегим үчүн ушунча жол жүрдүк го чарчадың деди, – апасы.

Жок апа Валя апа экөөңөрдү шаардын четин көрсүн дедим, ансыз деле үйдөн чыкпайсыңар да, – деди Алымбек.

Валя болуп да кыйналбай жатасыңар силер, ыраазыбыз сага Валя, биздин балдарды өз балаңдай көрүп жардамдашып жатасың деп колун бекем кысып койду.

Үйгө келип эле Сабырбек ата комузун колго алып шаңкылдатып күү чертип отурду, үйдөгү комуз эскирип күүгө келбей калган эле деп сүйүндү.

Майрамбүбүгь мына сага уулуң ооз жыгач комуз алып берди, күү ойноп бер деди.

Майрамбүбү ооз комузду колуна кармап, ойной аламбы, канча жыл болду сынып калганына деп бет арачыга ороп коюп койду.

Аңгыча машина токтоп, Момун үй бүлөсү менен түшүп жатышты, Илимбек казан жактан чуркап чыгып ата – апа келиңиздер, Мамбет менен кол алышып үйгө кириңиздер…

Оо кудалар келип калган турбайбы деп баары учурашып үйгө киришти.

Сөз үстүндө Сабырбек ата ;- бүгүн уулум менен келинимдин иштеген жерин көрүп келдим, экөөңө тең ыраазы болдум, элдин милдетин алгандан кийин берилип иштеш керек, мыкты жетекчи экенсиңер, – деп мактады.

Байбиче балдар чалбайт деп таарынбай өзүбүз чалып туралы, көрдүңбү булардын жумушу кыйын, – деди Сабырбек ата.

Автор Тоту . Арзыкулова


Уландысы бар.

Totu Arzikulova
www.kafiye.net