Шаҳло Ботирова….

Жылдыз өчүп көктөн барат суюлуп,
Үрүл- бүрүл таң агарды сүрүлүп.
Түшүнө албай турам биздин сезимге,
Бирде ачылса, бирде калат күбүлүп.

Уктай албай таң атырып жүрөмүн,
Ооруйт бекен меникиндей жүрөгүң.
Билбейм неге бүт адамды карасам,
Жалгыз сенин элесиңди көрөмүн.

Арзыйт бекен бир башыма сыйбады,
Мендик бакыт мынча неге кыйнады.
Канча жылдык изги үмүт тилегим,
Ашыктыктын курманына кыйбады.

Тагдыр оюн, чоң тамаша курабы,
Каршы турсам тунган сүйүү утабы?
Канча жылдар куруп келгем пай-дубал,
Ураттырып кайра баштан курабы.

Нускат Манкушева.
КЫРГЫЗСТАН.
www.kafiye.net