МҮМКҮНДҮК БЕРЕ КӨРБӨ


Тынч дүйнөм тыз дей түштү, көзүңдү көргөнүмдө,
Тайсалдап туруп калдым, жаныма келгениңде.
Көздөрүң оттуу, таптуу, көл сымал терең экен,
Куйкалап бара жатат, аз калды чөгөөрүмө.
Сүрдөтпөй колдон алгын, оюмдан кайталекте,
Мүмкүндүк бере көрбө, бурулуп кетериме.



Сөз айтсаң жооп айталбай, алдастан акыл тайган,
Билектен алсаң “дүрт” деп, үмүттүн оту жанган.
Сезимдин сергек жыты, сен менен бирге келип,
Топташтай чачырады, топтолгон менде арман.
Томсоруп калалекте, торуңа чырмап алгын,
 Мүмкүндүк бере көрбө, шилтөөгө артка кадам.



Бактылуу, таттуу ирмем, зымырап өтөт бачым,
Күндөр да алат экен, өмүрдүн бир топ жашын.
Тайсалдап турам бүгүн, сырымды сездиби деп,
Ыр менен жазган элем, көмүскө нечен катым,
Колумду бошотпочу, сырымды менден укчу,
Мүмкүндүк бере көрбө, агууга көздүн жашын.




Кундузбү Маматова

Куку

Октябрь. 2018.

www.kafiye.net