ТҮГӨНБӨСҮН ТҮБӨЛҮКТҮҮ МАХАБАТ

Сен бар жерди жомоктогу бакчага,
Окшотом да көпөлөктөй айланам.
Жыпар жыты эңгиретип эсимди,
Колу-бутум тушалгандай байланам.

Чагылгандай чартылдасаң чочуйм да,
Канатыңа башым жөлөп корголойм.
Куйкалаган аптабыңа бой эргип,
Эркелейм да тынчың алып жөн койбойм.

Ээси болдуң акыл-эссиз сезимдин,
Сүйүү нуруң фонарындай көзүмдүн.
Жетелесе жел кайыкта бараткан,
Ак канатчан периштедей сезилдим.

Бет алдыңда көздөрүңө тик бакпай,
Алдастоодон жүрөк булкуп жалтанат.
Ошентсе да чарк айланып сезимге,
Түгөнбөгөн курам шаңдуу салтанат.

Бизде жүрөк, сезим жашап турганда,
Түгөнбөсүн түбөлүктүү махабат.


Кундузбү Маматова

Куку
www.kafiye.net