ЭСИМДЕ БИЗДИН КАРАГАТ




Жайлоонун кооз мезгили,
Эсимден кетпейт азеели.
Мөлтүрөгөн жаш элек,
Оюндун бүтпөй кезеги.
Колумдан кармап жетелеп,
 Жүргөнүм эсте эркелеп.



Жогазын терип берчүүсүң,
Карагат терип келчүүсүң.
Тамшанып татуу даамына ,
Мас болуп , бирге жечүүбүз.
Эс тартып ,өттү көп жылдар,
Сагынтып жаштык кезибиз.



Карагат терген колдоруң,
Карагам,күтүп жолдоруң.
Аттиң ай мага жетпестен,
Карагат терип тамылжып,
Башкага берип койгонуң.
Жалынын биздин сүйүүнүн,
Өкүнтөт,унутуп койгонуң.



Маметова Зуурабу Алимбековна Санта
www.kafiye.net