şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
Туптунук тоо башынан суулар аккан,
Туптунук тоо башынан суулар аккан,
Таалайыма, бирге жүр деп сени жазган.
Талантты барктап баалап алсыратпай,
Бөпөлөп, карегимдей карап баккам.
Булуттар көк асманды ээлеп алган,,
Жамгыр да, өз нугунда төгүп калган.
Токтотуп кое албаймын эргүү келсе,
Жүрөгүмдү ээлеп алган кусалыктан.
Ырларым күтүп мени сагынышкан,
Ак барак, калем сабым таарынышкан.
Кайрылып, аппак танда бирге болдум,
Кечирчи, таштап койсом жаңылыштан.
Кайыр Жазы Москва.
Yorum Yapın