ҮРКӨРДӨЙ ЖАНГАН ҮЧ ПЕРИ




Үркөрдөй жанган үч пери,

Айсулуу, Мээрим, Айпери.

Балбандар күчү тең келбес…

Дүйнөнүн эли таң калып,

Кыргыздын кызы деп тааныйт.



Кыргыздын даңтуу үч кызы,

Көктөгү жанган жылдызы.

Кыйырга кетип атак-даңк,

Кылымга чейин айтылат…

Койчу эми үч кыз, үч чырак,

Кай жигит даап кеп салат.




Талыкпай эмгек кылдыңыз,

Саяпкер болуп калдыңыз.

Күлүктөй таптап кыздарды.

Алтынды жыйнап алдыңыз.

Атактуу Нурбек агай деп,

Эми жогорку наам алыңыз.



Бактылуу болсун үч кызым,

Асманда күндөй жан кызым.

Алдыга койгон максатты,

Алдырбай илип алгының.

Келерки Олип оюунда,

Үч алтын болуп жангының





08.10. 2021.

Бишкек. А.Тоту.

www.kafiye.net