НААСАТ





Таш ыргытпа өзүң тосуп аласың,
Чоң ор казба өзүң түшүп каласың.
Айрык болсо дал-далынан абийириң,
Чындык издеп кай чөйрөгө барасың.



Арак ичпе бир күнү кор болосуң,
Арам ойду адал тутуп аласың.
Болбогонду болду кылып сүйлөбө,
Калп сөзүңө кишенделип каласың.



Көйнөгүңдүн жамай албай жыртыгын,
Кашы-көзүң боёп эмне кыласың.
Кээ бирөөнүн ак эмгегин санабай,
Окуп, иштеп, үйрөнүүдөн талбагын.



Ийнеликтей гүлдөн-гүлгө конбогун,
Шапар тээп жеңил ойлуу болбогун.
Түз басканды жараткан да жактырат,
Оюң түзөп жаңы жашоо баштагын.




03.10. 2021.

Бишкек. А. Тоту.

www.kafiye.net