şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
Адамдардын асылы
Мугалимдин жарыгы- жан дүйнөңө шам чырак,
Муң басканда көңүлүң – акылын ук, бил сурап.
Башка адамдар билбедим, убактым жок- дейт чыгар?
Мугалимден оозунуп көөдөн сөзүн ким угат..?
Асылганын койбоду – ушул кээ бир ата-эне,
Акылы курч жөнөкөй, жооп берет бат эле.
Чекит тарткан баланын, ченемсиз-деп акылын,
Шыктандырып, курчутат. Тоскоол болуу шарт беле?
Эркелесең көтөрөт, эскертүү – деп, акырын,
Эжекейим, агайым – бир туугандай жакыным.
Коомдоогу коргоочум, жетелеген колумдан,
Үлгүсүнөн көрөмүн адамдардын асылын.
Пс: окуучулар үчүн
Ашира Кулишева2021.3-октябрь
www.kafiye.net
Yorum Yapın