ЖИГИТ БАЯНЫ


 1)Гүлдөгөн сирень,жаз айы эле,
Табият сулуу май айы эле.
Капыстан  мага жолуктуң эркем,
Сүйүнткөн мени,сүйгөнүм эркем.

2)Ыйласам ыйлап,ырдасам ырдап,
Жанымда жүрдүң,аппагым эркем.
Түбөлүк менин түгөйүм бол деп,
Өзүңө алтын шакегим бердим.


3)Сүйүндүң жаным,сүйүнүп алдың,
Сүйүнүч кабар жеңене айттын.
Жетимге сени бербейм деп агаң,
Алып кетти менден,үйүңө кайттың.


4) Бүткөндөй жашоом,тар болуп дүйнө,
Ызадан жерди ургулап жаттым.
Ордумдан туруп ак кагаз алып,
Сен үчүн жигит баянын жаздым…


5)Эсимде калган балалык күндө,
Бактылуу элек,бапырап үйдө.
Уктаган бойдон турбады атам,
Калтырып бизди армандуу күнгө.

6)Апакем менен мектепке келем,
Апакем менен мектептен кетем.
Унаага салып,уурдаган зөөкүр.
Энесиз жашоо буйрулган беле?


7)Чыңырып чуркап,жетпедим анда,
Жыгылып кетип,жердеги чаңга.
Далбастап апам чыркырап кетти,
Атымды айтып,кол булгап мага,
Жыгылып кетип,жердеги чаңга.

8)Келет деп апам,күтөмүн күндө,
Күтөмүн кечте,күтөмүн түндө.
Атама барып,апамды сурайм,
Сүйлөбөйт атам,унчукпайт мүрзө.


9)Томсоруп үйдө,жашадым жалгыз.
Түгөндү тамак, суу ичтим нансыз,
Сүрөтүн алып,кучактап жатам,
Сүйлөбөйт сүрөт,апакем жансыз.


10)Кээ бирөө уруп иштетсе кечке.
Кээ бирөө аяп,тамагын берсе,
Балалык күндөн азапка баткан,
Таалайым менин ушундай беле.


11)Апасын уруп кеткенди көрдүм.
Атасын укпай сөккөндү көрдүм,
Эси жок бала,эсирип барга,
Эсине келбей өскөндү көрдүм.


12)Тагдырга кимдер,баш ийбейт,көнбөйт,
Жашоонун сырын кайсы адам билбейт.
Жетим да сүйөт,үй-бүлө күтөт,
Адамдар неге сүйүүнү тепсейт?


13) Атакем арнап сойбоду коюн.
Апакем чыгып,тосподу жолум,
Сүйүүгө баткан сүйүүсүн тапкан,
Сүйүнгөн жандай болгон жок тоюм.


14) А балким апам табылып калаар,
Мени эстеп үйгө кайрылып калаар.
Энелер тилеп,самаган тилек,
Өзүңө аппак жоолугун салмак .    

15)Бир татсак болмок,өмүрдүн балын,
Бир тиксек болмок,сүйүүнүн багын.
Көрүшпөй калсак угаарсың элден,
Сен үчүн жигит баянын жаздым.


Баянын айтып ыйлаган жигит,
Жалгыздык жанын кыйнаган жигит.
Жашоодон өттү арманы толуп,
Ак сүйүү ага буюрбаган жигит.

Жаңылкан Бегалиева.
www.kafiye.net