ЖАРАТКАНЫМ ӨҢДҮ БЕРГЕН ТАТЫНА






Жалкоолонуп сен көнбөйсүң шартына.

Шаркыраган учар сууга баргының,

Шаабай суутуп айталбаймын батына.

Кечикпей жүр кутулайын санаадан




Түн бир оокум мен баламды күтөмүн,

Түрсүл соккон жүрөгүмө түтөмүн.

Түн ичинде кайда кетип калды ? – деп,

Түйшүк тартып көз жашымды сүртөмүн.



Санаа тартып сансыз ойго батамын,

Көп сырларды атасынан катамын.

Чымырканып даңгыр жолго түшсө, – деп.

Сан тилегим балама айтып жатамын.




Оо, Жараткан сактай көргүн баламды,

Коргой көргүн, наадандардан, жалаадан.

Сен кечиксең чочуй берем каралдым,

Кечикпей жүр кутулайын санаадан.

Майрамбүбү Абдыканова / Mairambubu Abdykanova
www.kafiye.net