РУНЗЕ КЕЧИ



Бак аралап басып жүрдүк улуу-кичүү,

Бак даарыган Дзержинка бульвар делчү.

Баш кошушкан жубайлардын күбөсү,

Эстен чыкпайт Фрунземдин жайкы кечи.




Тоодой бийик тогуз кабат лифтке шашып,

Тоолорумдун аяз кары нурун чачып.

Топурашып жүрө берип уйку качып,

Туйбай калдык жаштыгымдын таңы атып.




Жуурулушуп ынтымакта шаардын кечи,

Жетек берип окутуучу билим берчү.

Ырым кылып калемдерин белек кылчу,

Кураторлор кайдасыңар сагынычтуу?




Билим берип бийиктикке багыт берчү,

Билгизбестен келечекке канат керчү.

Мемилдеген ысык күндөр зачет берчү,

Эстен чыкпайт Фрунземдин жайкы кечи.




Балмуздагын чөйчөгүнө салып берчү,

Буфетчиси жыгач кашык дагы берчү.

Эңсеп жүрөм жаштыгымды анда өткөн,

Магдыраган Фрунземдин жайкы кечи.




Жарышып боз уландар сырын айтчу,

Таңуулашып кинолорго билет алчу.

Кылыктанып кызыктырып кеч калуучу,

Кымбат экен Фрунземдин жайкы кечи.




Жалындаган жаштыгыма нурун чаччу,

Биз бийлеген аянт кайда көӊүл аччу.

Капилеттен сүйүү гүлүн белек кылган,

Көз алдымда Фрунзенин жайкы кечи.




Күтүүдөгү жалын курак жылдар өттү,

Күү сыягы айтылбаган сырлар кетти.



Майрамбүбү Абдыканова / Mairambubu Abdykanova

www.kafiye.net