Күч күйөө (41).

Бүбүайша күнүгө балдар менен жумушка кетип, үй иштеринин баары Валя апага калып, базарга барып, үйдө тамак жасап, бекер отурбай, өзүн керектүү сезип, бат эле көнүп кетти.

Кайра кетип калам деген оюунан кайтып, баш оту менен Бүбүайшага жардам берип жатты.

Үйүнө барганда эле ким күтүп турат эле, коколой башы жалгыз үйдө…

Алымбек жумушка барары менен дежурный; – жолдош командир сизди телефонго чакырып жатат деди.

– эмне шашылыш бекен – деп сураганда,

– ооба апаңыз, трубканы берип койгулачы, – дейт деп күлүңдөдү.

Аа апам болсо сүйлөшөйүн, – деп трубканы алды.

Апа кандасыңар, эмне болду тынч элесиңерби, атам кандай, – деп сурады шашып турган Алымбек.

– ооба балам тынч эле, такыр сүйлөшпөй койдуң, кабарыңар жок, Бүбүайша, балдар жакшыбы,- деп сурады Майрамбүбү апа. Илимбек менен Бурма Кубага кетип жатат, келип кетсеңер жакшы болмок,- деди апасы.

Апа такыр убакыт жок бош эмеспиз, андан көрө бой эмеспи, өздөрүн жибериңиз, – деди Алымбек.

Мейли анда өздөрү барып келсин, – деп үнү суз чыккан апасын аяп, сиз да келбейсиңби апа, балдар сагынды, самолёт менен учуп келгиле, тосуп алам деди,- апасынын үнүнөн сагынганын байкаган Алымбек.

– мейли балам атаң менен сүйлөшөйүн, кечинде жообун айтам,- деп коштошту апасы.

Трубканы коюп эле өзүнө таң калып турду, чын эле канчадан бери сүйлөшө элек экенмин, мындай болбойт, сүйлөшүп туруу керек, апам сагынып жаткан турбайбы, -деди ичинен. Жумуштан үйүнө келип эле, Бүбүайша үйгө телефон чалалы, атам – апам сагынып жатса керек деп телеграфка карай жөнөдү. Гудок кеткенде эле атасы алды трубканы, ой кандай балам, балдар,

Бүбүайша жакшы жүрөбү, сен эмне бизди унутуп калдыңбы, апаң күнүгө чалат деп күтө берип чачы агарып кетти,

-ата билесиз да жумуш көп, мындан кийин кайталанбайт, убада берем, – деди Алымбек.

Ошент балам мен го сени түшүнөм, апаң ыйлап жүрдү, – деди атасы.

Апамды жибериңиз балдарды көрүп, сагынычын жазып кетсин, – деди Алымбек.

Балам мен да барам, мен да уулумдун жогорку кызматта иштеп жатканын көргүм келет, – деди атасы.

– маакул ата өзүм тосуп алам, самолётко билет ала бериңиздер, деп кубанды Алымбек.

Өзүнүн кызматка өтө берилип иштеп ата – энесин бир туугандарын унутуп калганына уяла түштү.

Трубканы Бүбүайша алып ата күлүү – күчтүү жүрөсүзбү, ден – соолугуңуз кандай,- деп сурады.

Жакшы балам, жакшы, жакында барабыз, апаң, Илимбек, Бурма болуп күткүлө ,- деди атасы.

Бүбүайша үйгө келип ойлонуп көрсө ата – энесин өздөрү үй бүлө күткөндөн бери биринчи жолу конокко чакырып жатышыптыр, жакшылап даярданыш керек, – деп ойлонду.

Валя апасын ээрчитип алып дем алыш күн болгондуктан базар кыдырып жөнөштү, бутундагы жука туфлийин көрүп, Бүбүайша Валя апага бут кийим алып берейин деп ойлоду да, бул бут кийимди кийип көрүңүз, апама алып берейин дегем, – кийип көрсөңүз, – деп кийгизди эле, чапчак такасы да бийик эмес, кайыш жакшы экен, – деди Валя апа,

– анда алабыз деп акчасын төлөдү Бүбүайша.

Аралап жүрүп Майрамбүбү апасына кыжым пальто алды, апам жылуу жумшак кийип алсын деп ойлоду.

Ал эми атама белекти Алымбек тандасын, -деп ойлоп көңүлдүү үйүнө кайтышты.

Белектерди Алымбекке көрсөтүп, атама сен белек танда деди, – Бүбүайша.

Акылдуум десе жакшы эстетпедиңби, бизде иштеген аксакал өрүк комуз чабат экен, ошол кишиден комуз алып келип коёюн, атам үйдө анда – мында күү чертип калат эмеспи, – деп кубанды Алымбек.

Аэропорттон ата – энесин, ининси менен келинин тосуп келип, үй толуп бапырап эле калышты. Баары жатып эс алып калганда эже – сиңди, абысындар ашканада сүйлөшүп отуруп калышты.

Сүйлөчү кандайсыңар Илимбектин жумушу кандай, качан жөнөйсүңөр, – деп сурады Бубүайша.

Так күнү белгилене элек, бирок дем алыш күнү Москвага учабыз, бир жума текшерүүдөн өтүп андан кийин Кубага жөнөйбүз, – деп түшүндүрдү Бурма.

Эжелер, жеңелер салам айтышты сизге, Толгонайды качан көрөбүз деп жүрүшөт, шаарга качан келесиңер эже деп суроолуу карап калды Бурма.

Билбейм мен жаңы эле иштеп баштадым, отпускага чейин көп бар, бирок бир жумага барып келсек болмок, Толгонай салмак кошпой жатат, – деп кейиди Бүбүайша. Бурма келечектеги педиатр болгондуктан,- эже доктурга көрүнүп жатасыңарбы, – деп сурады.

Ооба каны аз болуп көтөрүлбөй жатат, эң кызыгы менин да, Алымбектин да канынын группасы туура келбейт экен, бирөөнү таап куюп жатабыз, – деди Бүбүайша.

Ошондо Бурма;- Толгонай эч кимге окшош эмес, – эмнеге? – деп ойлонуп калды…

Автор Тоту. Арзыкулова.


Уландысы бар.



Totu Arzikulova
www.kafiye.net