Күч күйөө(40)


Чоң жолдон өткөн автобус токтоп, Алымбек түшүп келе жатканын көрүп, Кубат ата, атам келди – деп чуркап жөнөдү. Көтөрүп алып кана менин балам апасына жардам бердиби, карындашын карадыбы, айсынчы, – деп көкөлөтүп асманга ыргытты.

Ата жерге коё бериңиз, мен чоңмун да эми, Валя апам менен бакчага барып жаттым, апаны мен жетелеп алам, кечинде жанында карап жатам, антпесе Валя апа коркот да, – деди Кубат.

Анда Бүбүайшаны маңдайынан өөп, апасы туура айтып жатабы, – дегенде, – ооба балам баарыбызды карады, үйдө жалгыз эркек болсо,- деп күлдү Бүбүайша.

Кой балам атаң жолдон чарчап келди, эс алсын, чай берели, – деп ашканага чыкты Бүбүайша. Жуунуп келип “аппагым” кызым кандай, эмне жаңылык,- деп сурады Алымбек.

Кызыбыз жакшы жоош, эмизип койсом эле уктай берет, тойдон келе жатып тайкем – тажеңем, Мамбет болуп тийип кетишти, ушунчалык зирек бала экен, эрте жетим калганынан зирек болуп калса керек деп ойлоп койдум, – деп көзүнө жаш алды Бүбүайша…

-Аа” аппагым” сенин эски жараң эсиңе түшкөн экен, кейибе баары жакшы болот.

Тойдо да элди ыйлатты, Момун тайкем уулум жок деп өкүнчү эле, кудайым уул берип койду. Эптүү кудай өзү эптейт деген ушул, – деп кепке аралашты кирип келген Валя апа.

Аа келиңиз, чайга келиңиз,

Валя апа сизге ыракмат, атам – апам салам айтты, мына сизге деп өзүнчө кешик берип жиберди, – деди Алымбек.

Сүйлөчү той кандай өттү, деп сурады Валя апа.

Оо айтпаңыз дүңгүрөгөн той болду, айылдагы туугандар, куда – сөөк, шаардагы тааныштар, өзгөчө Илимбектин чогу иштегендери… бири англисче, бири япон тилинде, бири немец тилинде калоо айтып эсибизди оодарды, МИД дин балдары кыйын экен.

Ал эми Бурманын курсташтары медициналык термин менен каалоо айтышты, мына азыркы жаштар ушундай, – деп айтып берди Алымбек.

Силердин гана жогуңар болду, өзүмчө бир нерсемди жоготкондой, карбаластап издей бердим, бүгүн айылга жүр туугандарга той беребиз дешти эле, болбой келе бердим – деди Алымбек.

Менде дагы бир жаңылык, эмики жумада областык центрге көчөбүз, мен барып үй жайды көрүп келем, анан силерди алып кетем, деди Алымбек.

Анда Валя апа мен силерге көнүп калдым эле, өз баламдай болуп, мен кантем, – деп көзүнөн жашы чууруп кетти. Коюуңузчу эми ыйлабаңыз, сизди да алып кетебиз, жалгыз эмне кыласыз бул жерде, Бүбүайша экөөбүз сизге айта албай жүргөнбүз, – деди Алымбек.

Аа балам кудай жалгыз калтырса айла жок калат экенсиң, бир кезде жети балам, абышкам бар, бапыраган үй бүлө элек, азыр бир кызым калды, ал жа алыста, – деп кейиди.

Кейибеңиз, даярдана бериңиз кызыңызга кат жазып, адрести билдирип коёбуз, -деп колун кармады Бүбүайша. Мейли мен ойлонуп көрөйүн, силерди кыя албайм го чамасы, барса барайын, жакпаса келе берем да, – деп маакул болду Валя апа.

Областка которулганы Алымбектин жумушу

көбөйдү, эрте кетип, кеч келет, Валя апа балдарды карап Бүбүайша үй иштери менен алек.

Кубатты бакчага орноштуруу үчүн бакчага барса, бакча мүдүрү документтерди көрүп, сиз мектепке чейинки билим берүү бөлүмүн бүткөн турбайсызбы, бизге келип иштеп берсеңиз жакшы болмок, мен декретке кетем, ордума ылайыктуу киши таппай жаткам ,- атым Айканыш ,- деп колун сунуп, – кандай дейсиз Бүбүайша деди?

Менин эки айлык кызым бар, анын үстүнө мектепте иштегем, бакчада иштеп көргөн эмесмин, – деди Бүбүайша.

Ой ал эч нерсе эмес, бизде тажырыйбалуу методист бар, жогорку билими жок ошондуктан мүдүр боло албайт, ал эми кызыңызды бакчага алып келип, бага берсеңиз болот ,- деди Айканыш.

Мейли мен жолдошум менен кеңешип эртең жообун берейин, – деди Бүбүайша.

Кечинде Алымбек жумуштан келип чайга отурганда айтып кеңешип көрдү эле, каршы эмесмин анын үстүнө Валя апа барда, балдар менен каралашып турат, кыйналбасаң эле болду деди. Бир жумадан кийин бала бакча мүдүрү болуп иштеп калды Бүбүайша.

Автор Тоту. Арзыкулова.



Уландысы бар.

Totu Arzikulova
www.kafiye.net