АК СҮЙҮҮҢ ДЕГИ КАНДАЙ




Көзүмдөн көзүң албай,

Эң таттуу сөзүң арнай.

Ээ кылбай башка жанга,

Дүйнөмдү бүтүн арбай.




Эсимди эки кылган,

Ак сүйүүң деги кандай?

Колумду бекем кармай,

Кучактап жүрсөң жандай.




Элжиреп караганың,

Жаңы эле аткан таңдай.

Бардыгын унуттурган,

Ак сүйүүң деги кандай?




Кечиксем издеп турган,

Көрүнсөм гүлүн сунган.

Кызганып түйшүк тартып,

Көңүлүң кирдеп турган.




Көзүмдүн карегиндей,

Ак сүйүүң деги кандай?

Жолуңду күтүп жүрөм,

Саргайып кайран гүл өң.




Дарегиң же айтпайсың,

Бар беле башка бирөөң?

Кур үмүт берип келген,

Ак сүйүүң сенин кандай?




Бар беле башка бирөөң?

Мен билбей, күтүп жүрөм.




Кундузбү Маматова

Куку

18.08.2021.

www.kafiye.net