ЖӨН ГАНА ЫР




Уу тил, сөздөр демиңди бууп чыгарбай,

Ылайлантып басаар жолуң, дүйнөңдү.

Көзүң байлап, карайлатып турганда,

Унутасың ыйлоону же, күлгөндү.



Жондон таптап мыйыгынан күлгөнгө,

Шамшары жок жүрөгүңдү тилгенге.

Табаа менен карап турса жыгылсаң,

Каңырыгың түтөп кетет билгенге.



Тазартууга кирдеп турган дүйнөмдү,

Үйрөнөмүн жаркып гана күлгөндү.

Жылуу кабак, мээрим төгүп дарылайм,

“Какшык” менен жүрөгүмдү тилгенди.



Деген менен адам сыры ичинде,

Билалбаймын ал ойлогон, билгенди.

Силкип таштап дил ооруткан кирлерди,

Сүйүп келем, мени чындап сүйгөндү.



Угуп калсам күкүк үнүн капыстан,

Таңда неге жалгыз күкүк түйшөлдү?

Өз тилинде балким айтып жаткандыр,

Аз өмүрдү баалап, терең сүйгөндү.



Обон созуп шамал бузат чачымды,

Ой топтотпой алып улам шаштымды.

Балким ал да сырдашууга келгендир,

Жоготпо деп колдо турган бактымды.



Беттен чымчып чыйрыктырган чилденин,

Кереметин ар бир кышта көргөнмүн.

Сырын сурап сырдашпапмын катыгүн,

Кара жандын өрүп жашоо өрмөгүн.



Түн түнөрсө… кошо мен да түнөрүп,

Сулк жыгылып дүйнөм, тулкум бүт өлүк.

Өмүрүмдүн кызык кезин байкабай,

Эч ойу жок, уйку менен өткөрүп.


 

Жылдыз чыкса, сырын сурап сырдашпай,

Махабаттын вальсын бийлеп, ырдашпай.

Көктөм кездин гүл төгүлгөн ирмемин,

Кантип табам, көңүлүмдү муңкантпай.



Калем кармап, ыр жазууга чыгынып,

Отурганда бүткөн бойду ныгырып.

Кур дүрмөттүү курал сымал добуш жок,

Супсак ырлар калемимден чуурулуп.



Көңүл тойбойт, барак улам айрылып,

Эргүүлөрдүн канаттары кайрылып.

Толкун менен чумкуп издеп баратам

Ыр дүйнөдөн түбөлүктүү жай кылып.



Жага бекен жазгандарым жарыма,

Түтүп келет жогума да барыма.

Калпып алып сөз берметин, каймагын,

Ыр сунайын таңда калың калкыма.



Түйшөлөмүн жазып, улам өчүрүп,

Барак түтпөй, кайра – кайра көчүрүп.

Ыр, махабат, кайгы, азап, толгонуу,

Баары келсе, уйку качты бекинип.



Жипке тизип, көз алдымдан өткөрөм,

Жакшы – жаман күндөрүмдү, өткөндү.

Бирөө жыкса кур дооматтан тургузбай,

Бирөө тартып, жүзүм сылап өпкөндү.



Тегиздиги билинбеген дүйнөнүн,

Ой-чуңкурун билген күнү кирдедим.

Жасалмалуу күлкү, какшык, катылып,

Жүз кубултуп, бузуп турса дилдерин.



Бийик тартып кызганычтын кермесин,

Түбүн тешип айдап турган кемесин.

Көр дүйнөгө көз каранды пенделик,

Түгөт албай айтат куру жемесин.



“Чыйт” түкүрүп чындыгыңа, агыңа,

Көөнү шыбап гүлдөп турган багыңа.

Кыя чапкан эх кайбарлар көбөйдү,

Карабастан мөмө түйгөн шагыңа.



Мен да пенде кээде ыйлап жеңилем,

Адилеттик изин издеп кемигем.

Таразанын так салмагын табалбай,

Таңдар тосуп үмүт менен теминем.



Мына, мына атып барат таң дагы,

Түндө туулуп, жаңырыптыр ай жаңы,

Балкып турган балжуурандай эргүүмө,

Ай тилегин кошуп жууруйм таңдагы.



Кундузбү Маматова {КУКУ}

26.12.2019.
www.kafiye.net