ТЕҢЕЛБЕЙ ЖЕҢДИМ, ТЕҢЕЛБЕЙ ЖЕҢДИҢ СЕН ДАГЫ




Куйкалап аптап, дем жетпей жүрөк кысылып,

Көөдөнгө батпай, көңүлгө жакпай ысылык.

Турганда сен да түр-түмөн түйшүк салдыңбы?

Түйшөлүп турам, ичимден гана сызылып.

“Чарт”- сынып аттиң, чыдоонун бекем өзөгү,

Кетпесе экен, кетпесин үмүт үзүлүп.




Көчөдө чилде, көңүлгө аяз уютуп,

Сапырып санаа, саны жок кумдай куюлтуп.

Билмексен болуп, тескери бассаң катыгүн,

Кабагым карыш, кежейет желке тырышып.

Колумдан келер иш болсо мен да чыкмакмын,

Түрүнүп билек, ажылдак “итче” урушуп.




“Теңелбей жеңдим, теңелбей жеңем”- көрөсүң,

Темселеп жүрүп, дагы да мага келесиң.

Таарынып турган дидарым байкап койбостон,

Билмексен болуп, азгырык салып жеңесиң.

Ойуңду чайкап, “ит” жиниң таркап калганда,

Жапырып кулак, угасың ыза- жемесин.




“Теңелбей жеңдиң, теңелбей жеңдим” – дегенсиң,

Чалпалтпай сактап үй-бүлө деген кемесин.

Көр оокат экен, уу кылса таткан балыңды,

Бал кылат экен, жарыңдын айткан жемесин.

Чырмаган “Нике” үзүп да кетпес нерсе экен,

Бутуңдан тартып ширелтип бакыт желесин.




Кундузбү Маматова

24.07.2019.
www.kafiye.net