АСЫЛ КҮН

Асыл күн,
Мөлтүрүн жутпай булактын,
Добушун тыңшап сүтактын,
Эртең да атат ак таң деп,
Келбешиң билбей узаттым.


Асыл күн,
Түбүнөн чыкпай чырактын.
Бөлалбай сага убактым.
Бал ширин таттуу ирмемди,
Бош гана аттиң узаттым.

Асыл күн,
Жанымдын тынчын ойлодум,
Жыйнабай чачкын ойлорум.
Эрке жел менен жарышып,
Кайрылып артка койбодум.

Асыл күн,
Кечээги күлкүм төгүлүп,
Кабырга бирден сөгүлүп.
Жаштыктын акак-берметин,
Кумдуу чөл кетти чегерип.

Асыл күн.
Ар күнү сапар-жолдосун,
Коштошуу бизде болбосун.
Унутта калган кечээким,
Эртеге жандап, коштосун.

Асыл күн,
Учугу айдын үзүлбөй,
Күн чыксын таңда күлүңдөй.
Канча жан күтөт өзүңдү,
Бир гана сенден түңүлбөй.

Асыл күн
Бороонуң боздоп келсе да,
Шамалын тоону желсе да.
Керемет экен сыйкырың,
Өмүрдү өлүм жеңсе да.

Асыл күн..
Жашасын бардык асыл жаш,
Жакшылар болсун айрылбас.
Бактылуу, таттуу мүнөттөр,
Эртеге кайра табылбас.
Асыл күн-биздин жалын жаш.

Кундузбү Маматова

Куку
www.kafiye.net