Чырмалып ойлорумдун желесине,

Чырмалып ойлорумдун желесине,
Чыгалбай түшүп кеттим тереңине.
Чуу салып кайдан келдиң кызарган чок,
Чыйрыгам жылына албай илебиңе.

Кабынан суруп алдың жүрөгүмдү,
Капыстан тузак жайып түнөгүмө.
Кадалып туруп алды тагдыр өңдүү,
Капилет атылган жаа жүрөгүмдө.

Дүрмөтүн кызыл чоктон октоп алган,
Дүйнөмө ууга чыгып олжо алган.
Дүрбөлөң ойлорумдан кутулайын,
Дос күтүп, шыралгыга тышта мерген.

Нускат Манкушева.
www.kafiye.net