Эх, үмүттүн бир учкуну тамызгы,


Эх, үмүттүн бир учкуну тамызгы,
Көөдөнүмдө тартылгансыйт сыбызгы.
Турагыңдан түтүн чыгып жатса да,
Чарк айланам, шоола түшкөн сызыкты.

Бир муштум эт согуп турат күн-түнү,
Ар бир кагыш оордоп барат ар түнү.
Колдон түшүп сынган өңдүү быркырап,
Сыныктары тилген сайын ый, үнү.

* * *

Уктум бүгүн таң алдында агарган,
Торгой үнүн кубулжута сайраган.
Көөдөндөгү тамчылардан чогулган,
Деңиз, мухит толкундары күч алган.

Бул обонго жүрөгүмдү тартуулап,
Кайрыктарын кайра-кайра кайталап.
Бүтпөсө экен торгой үнү суранам,
Көз ирмемде жүрөгүмдө үн салган.

* * *

Жалын бүрккөн карашыңан өрттөнөм,
Өңдөн аздым, күлгө айлантпа өтүнөм.
Алгач ирээт көргөндө эле ” дүрт” эткен,
Жүрөгүмдө кайрадан жаз көрктөнөм.

Таптым десем күтүп жүргөн адамым,
Ууланыпмын күйүт тартар азабым.
Күүгүм кечте көрбөй калган өңдөнөм,
Айтчы сүйүү, кайсыл жолдон адаштым.

* * *

Аткан таңым, тийген күнүм сен, жазым,
Тынчтык тапкан, бүчүр алган сен, багым.
Комуз күүсү коштосунда жаңырган,
Моокум канган, мукам үндүү сен, ырым.


Айтып бүткүс кылымдарга сен баян,
Түштө дагы ачык көргөн чын аян.
Ууздай таза, мөлтүр мончок табылгам,
Тамырымда бек катылган сыр баян.

* * *

Кондуң эле бутагыма күтүп, жазым,
Көргөнүмдө баалагам сүртүп жашым.
Коругунда бакыттын сыйбай тургам,
Кантип сынды бутагым? Күтөм, жазым.

Кулагыма шыбырап айтчу эстүүм,
Алган жарым аманат чертилсин күүм.
Кайрыктарга элесиң сүңгүп кирип,
Ыр сабында маңызы –бүтпөс эргүүм.

Нускат Манкушева.
www.kafiye.net