Дүйнөнү мен эми сүйө аламбы

(Болгон окуя)





Тагдырым тебеленип талкаланды,

Жүрөгүм тилинип жараланды.
Бул азап маңдайга жазылган го,
Өмүрүм чийилип караланды.




Зордолуп намысым арааланды,

Келечек кан жутуп жазаланды.
Ичтеги арманды кайда катып,
Жалгандан чындыкты табаламбы?




Көкүрөк ачышып туталанды,

Көздөгү жашымды тыя аламбы?
Өзүмдөн өзүм катуу чүнчүп эми,
Бир өмүр баарынан уяламбы?




Көөдөнүм эзилбей тураламбы?

Башымды көтөрүп жүрө аламбы?
Берилип жүрөктөн баягыдай,
Дүйнөнү мен эми сүйө аламбы?




Жылдан ашты, эзилип жатканыма.

Көңүл калып баарынан коркконума.
Тагдырымдын тикенектүү тар жолунда,
Баш көтөрбөй бул азапты тартканыма.




Эркектердин баардыгынан көңүл калды,

Күтпөгөндө жанымды сууруп алды.
Каргыш тийген каргашалуу ошол күндө,
Чыңыртып басып алып, уйпалады.







Кыйкырып да жалындым, жардам сурап.

Колдорумду катуу кармап, ишин улап.
Укпагандай каалаганын кылып анан,
Мени карап “кечир” деди башын тырмап




Жыйналдым, тарандым да чыгып кеттим,

Жаным ооруп, бир тарапка чуркап жеттим.
Бет алдымда көпүрөгө бир урунуп,
Өзүмдү намыс үчүн, секир дедим.




Ажал албай, суудан да тирүү калдым,

Тамыр кесип, өзүмдү асып алдым.
Жан кыю да колуман келбей койду,
Эми минтип өксүк менен жашап калдым.




Түшүнгөн бар, түшүнбөгөн сын айтаар,

Неге жанын кыймак болду деп жазаар.
Ошол мүнөт куйкалаган тозоктой,
Жай таптырбас азаптыгын ким аңдаар…




А Райбекова

2015 жыл




Чөйрөдөгү болуп жаткан окуялар акындын жүрөгүнөн өтөт деп коюшат эмеспи, ошол себеп мен да бул аянычтуу окуяны айланып өтүп кете албадым. Урматтуу мырзалар аялзатын коргоп, сыйлап, аяп жашасаңар жогорудагыдай тагдырлар кайталанбай, эч бир кыздын көз жашы төгүлүп жаны кыйылбайт эле. Албетте бул сөз ээсин таап, кай бирлерди ойго салат деген үмүттөмүн…



www.kafiye.net