КАШАА ИЧИНДЕГИ СЕЗИМ



Эркелетип, элжиреттиң ар бир таңда ,

Көздөрүңдү карасам да тойбойм деп.

Курч алган калемимди кантип тыям,

Жазайын төрт сап ырды окуп кой деп.




Сүйүүнүн формуласы мына ушундай,

Так сандан жуп сан чыкпайт ойдогудай.

Кемитүү колдонулбайт нөлдөн кийин,

Кошуунун барабары өмүр сандай.




Кашааны ачып туруп сени жазам,

Жабаарда жүрөгүмө бекем катам.

Туюнтмага келип чыккан эки санды,

Жашоонун бакыты деп айта алам.




Көбөйтүп махабатты эки эселеп,

Бөлчөктү бөлбөй койдум эч эсептеп.

Геометрия илиминдей татаал болот,

Чийини ак сүйүүнүн чие келсек.




Алышып арифметика майданында,

Ар убак сүйөм сенин жайдарым да.

Кызганыч ээлеп алган кездеримде,

Нютондун тең салмагын окуймун да.




Тамганын отуз алты курамынан,

Ыр жазам сезимимдин жыргалынан.

Үтүрдү коюп жазам бүтпөсүн деп,

Чекити жок сүйүүнүн ыргагынан.




Созулма үндүү тамга колдоно албай,

Кызгансаң ырларымды чогулта албай.

Жүрөгүмдүн сүйлөмдөрүн билесиңби,

Илептей сезим күчтүү сен деген аай.




Жашоонун формуласы так ушундай,

Эркелет сүйчү жаным ………….алтынга бууланган тамгалардай.



Кайыр.Жазы. Москва.

www.kafiye.net