АК ЭЛЕЧЕК



Оронсо башка жарашкан,

Суктана элдер карашкан.

Апапак болуп койкойуп,

Апалар кийип даңктаган.




Абалтан келген кондуруп,

Башына бийик оронуп

Кырк метр ак,чыт кылып,

Керектүү жерде колдонуп.




Датка апам кийген элечек,

Калтырбай улайт келечек.

Кийгенде башка эң сонун,

Аккуудай берип бир элес.




Жаш, карыбыз калтырбай,

Кийели дайым тартынбай.

Көрүнүп көзгө суктанткан,

Элечек кийип жаркырай.




Эли ичи, өнөр кенчи деп,

Эсепсиз ууздар бизде көп

Эмгектенип талыкпаган,

Элечек ороп кынаптап.




Чачучтугу узун чубалган,

Энеге таазим буралган.

Элечек кийип зыңкыйып,

Апанын көрсөм кубанам.




Болбойбу биз кийинсек,

Элечек кийип сүйүнсөк.

Энеден калган ушу деп,

Келинге айта жүгүнтсөк.




Нарктуу экен деп башкада,

Билип жүрсүн кааданы,

Эселтеден келе жаткан,

Элечек баркын баалайлы.



СООДАНБЕКОВА ЛИРА
www.kafiye.net